МИК: Менин үйүм 2021-2026
Арзан турак жай жеңил шарттары менен!
“РСК Банк ААК «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК менен бирге "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасынын чегинде төмөндөгү багыттар боюнча ипотекалык кредиттерди бере баштады:
“Жеңилдетилген ипотека" турак жай сатып алуу жана жеке турак жай куруу үчүн.
“Арзан ипотека" турак жай сатып алуу жана жеке турак жай куруу үчүн.
“Жеңилдетилген ипотека ” - “Турак жай сатып алуу ”:
• мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин;
• каржылоонун максималдуу суммасы: бир субъект үчүн 4 миллион сомго чейин;
• пайыздык чен: жылдык 4%;
• кредиттик камсыздоо: сатып алына турган турак жай;
• валюта: кыргыз сому.
“Жеңилдетилген ипотека ” - “ Жеке турак жай куруу ”:
• мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин;
• каржылоонун максималдуу суммасы: бир субъект үчүн 4 миллион сомго чейин;
• пайыздык чен: 18 айга чейин курулуш мезгилинде жылдык 8%, аяктагандан кийин - 4%;
• кредиттик камсыздоо: жер тилкеси (участогу);
• валюта: кыргыз сому.
“Арзан ипотека” - “ Турак жай сатып алуу ”:
• мөөнөт 15 жылдан 25 жылга чейин;
• каржылоонун максималдуу суммасы: бир субъект үчүн 5 миллион сомго чейин;
• пайыздык чен: жылдык 8%;
• кредиттик камсыздоо: сатып алына турган турак жай;
• валюта: кыргыз сому;
• кредит Бишкек жана Ош шаарларында гана берилет.
“Арзан ипотека” - “Жеке турак жай куруу ”:
• мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин;
• каржылоонун максималдуу суммасы: бир субъект үчүн 5 миллион сомго чейин;
• пайыздык чен: 18 айга чейинки курулуш мезгилинде жылдык 12% аяктагандан кийин - 8%;
• кредиттик камсыздоо: жер тилкеси (участогу);
• валюта: кыргыз сому.
кредит Бишкек жана Ош шаарларында гана берилет.
/* Кнопки поделиться */?>