Капчинин мааниси туура эмес ↓
24.02.2023

Mastercard карта ээлери үчүн Google Рay кызматы!

Mastercard карта ээлери үчүн Google Рay кызматы!

Кыргызстанда биринчи жолу РСК Банк Mastercard карталары менен Google Pay кызматын ишке киргизди! Эми банктын кардарлары, Mastercard ээлери, дүйнө жүзү боюнча Android OС базасындагы смартфондорду колдонуп, тез эле, коопсуз жана ыңгайлуу сатып алуулар үчүн төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

- Кыргызстанда барган сайын заманбап төлөм инструменттеринин жеткиликтүү болуп жатканына биз кубанычтабыз. Белгилей кетсек, ар бир Google Pay төлөмү корголууда болот жана башка Mastercard транзакциялары сыяктуу эле артыкчылыктарды жана кепилдиктерди сунуштайт, - деп белгиледи Mastercard Борбордук Азиядагы башкы менеджери Рафал Трэпка.

- РСК Банк финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү алкагында бир топ олуттуу иштерди аткарууда. Бул тейлөө кызмат дагы бир ыңгайлуу инструмент болуп калды, ал аркылуу сатып алууларга төлөө оңой жана жеңил болуп калды», - деп кошумчалады «РСК Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Уланбек Ногаев.

РСК Банктан Google Pay аркылуу Mastercard картасын кантип туташтырууга болот?

• биринчиден, Android (5.2 жана андан жогорку версиясы) үчүн Google Play ден Google Wallet тиркемесин жүктөп алыңыз;

• Google аккаунтуңузга кирип, төлөм ыкмасын – РСК Банктан Mastercard картасын кошуңуз;

• Сиз колдонуп жаткан аппаратта дүкөндөрдөгү төлөмдөр үчүн NFC технологиясы иштей турганын текшерип коюңуз.

Төлөө үчүн өзүңүздүн телефон аппаратыңызды соода-тейлөө ишканасынын pos-терминалына  коююнуз керек. Төлөм кулпуланган экранда  заматта ишке ашат.

Толук маалыматты бул жакта.

Улуттук банктын №033, 033/1 лицензиясы.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>