Капчинин мааниси туура эмес ↓
07.06.2021

Аралыктан аныктап-тактоо кызматы

Аралыктан аныктап-тактоо кызматы

РСК Банкка убара болуп келбей эле, анын кардары боло аласыз!

Жаңы кардарлардын жашоосун жөнөкөйлөтүү үчүн мега ыңгайлуу кызмат – аралыктан аныктап-тактоо (идентификациялоо) иштей баштаганын кубануу менен кабарлайбыз.

Демек, эми сиз РСК Банктын веб-сайты аркылуу жеке маалыматыңызды билдирип, инсандыгыңызды тастыктоо менен, каржылык кызматтардан аралыктан эле пайдалана аласыз.

Кагаз, кол тамга коюу же банктын бөлүмдөрүнө баруу убаракерчилигинен арыласыз.

Бул тейлөө кызматы төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:

- карт-эсеп ачуу;

- RSK24 мобилдүү банкинге туташуу.

Мында сизге болгону уюлдук телефон/ компьютер, интернет, ID паспортуңуздун эки тарабындагы сүрөтү, паспортуңуз менен кошо сүрөт жана жөнөкөй форманы толтуруу жетиштүү.

Болду, ушул эле! Калганын сиз үчүн өзүбүз даярдайбыз!

Ошондой эле сайттан идентификациялоо үчүн арызыңыз боюнча маалыматтарды текшере аласыз. Карасаңыз, кандай гана ыңгайлуу!

Аралыктан идентификациялоо жөнүндө кененирээк маалыматты төмөндө көрсөтүлгөн номерлер боюнча Банктын Байланыш борборуна кайрылып, биле аласыз 0312 / 0552 / 0706 / 0775 911 111

Ошондой эле, ББ WhatsApp (0706) 911 111 номерине жазыңыз.

Кызматты шилтеме менен өтүп таба аласыз https://www.rsk.kg/kg/about/identification 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>