«РСК Банк» ААК «ЭЛКАРТ» карталарын пайдалануу менен интернет-эквайринг тейлөө кызматын ишке ашырды
Сиз интернет сайттар аркылуу товарларды жана тейлөө кызматтарын сатасызбы? Анда, биздин сунуш сиз үчүн!
«РСК Банк» ААК «ЭЛКАРТ» карталарын пайдалануу менен интернет-эквайринг тейлөө кызматын ишке ашырды. Бул тейлөө кызматы мобилдүү тиркемелерди жана ар кандай сайттарды пайдалануу менен онлайн-дүкөндөр аркылуу тейлөө кызматтарды көрсөтүү үчүн иштелип чыккан.
Интернет-эквайрингди колдонуунун жардамы менен, сиздин кардарларыңыз тек гана карта маалыматтарын жазып көрсөтүп, интернет аянттарынан керектүү продуктыларды сатып ала алышат.
Мындай тейлөө кызматы бир топ артыкчылыкка ээ.
Аларды атай кетсек:
- 7/24 товар сатуу мүмкүнчүлүгү;
- сатуу каналдарын кеңейтүү;
- кардарлардын санынын көбөйүшү.
Интернет-эквайринг тейлөө кызматына туташуу жана сайтта төлөм барагын иштеп чыгуу - акысыз.
Бул үчүн РСК Банк менен келишим түзүү жетиштүү. Бардык кызыктар соода-тейлөө ишканаларын биз менен кызматташууга чакырабыз.
Кененирээк маалыматты банктын Байланыш-борборунан ала аласыздар. 0552 / 0706 / 0775 911 111
/* Кнопки поделиться */?>