Капчинин мааниси туура эмес ↓
15.12.2022

ИПОТЕКАЛЫК КРЕДИТКЕ РСК БАНК АРКЫЛУУ КЕПИЛДИК

ИПОТЕКАЛЫК КРЕДИТКЕ РСК БАНК АРКЫЛУУ КЕПИЛДИК

Мындан ары ипотекалык кредиттөө боюнча мамлекеттик программанын катышуучулары баштапкы төлөмгө каражаты жок болгон учурда «Кепилдик фонд» ААКнан кепилдик каражатын ала алышат.

Бүгүн “Кабар” агенттигинде “РСК Банк” ААК Башкармасынын Төрагасынын, “Кепилдик фонд” ААК Башкармасынын Төрагасынын катышуулары менен  Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн ипотекалык турак-жайды каржылоонун жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу маселесине тиешелүү пресс-конференция болуп өттү. Мында ипотекалык кредит алуу үчүн баштапкы төлөмү жетишсиз болгон кардарларга алардын ипотекалык кредит боюнча милдеттенмелеринин тиешелүү бөлүгүн камсыздоо кепилдиктери бериле тургандыгы белгиленди.

📌 Ипотекалык кепилдиктер Кепилдик фонд тарабынан берилет, алар “Мамлекеттик Ипотекалык Компания” ААКсы менен биргеликте ишке ашырылып жаткан Мамлекеттик ипотекалык программалардын алкагында республиканын аймактарында кыймылсыз мүлктү сатып алууда баштапкы төлөмдүн суммасынын 20%га чейинкисин жаба ала турган каражат болуп саналат.

Бул программанын алкагында каржылоонун негизги шарттары:

🔹Максаттары: “Кыргыз Республикасынын аймактарында жаңы турак- жайларды сатып алуу”, “Кыргыз Республикасынын аймактарында экинчи рынокко тиешелүү турак жайларды андан ары реконструкциялоо менен сатып алуу” жана “Турак жайларды куруу”.

🔹Пайыздык чени: жылдык 8%;

🔹Каржылоо шарттары: 15 жылга чейин;

🔹Алдын ала же баштапкы төлөм: сатып алына турган кыймылсыз мүлктүн баасынын 20%;

🔹Катышуучулар: "МИК" ААК электрондук порталына катталган жана кредит алуу үчүн жактыруудан өткөн карыз алуучулар.

 

«РСК Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Кадырбек Букуев белгилеп өткөндөй, «РСК Банк» ААКна турак-жай сатып алуу боюнча көптөгөн кайрылуулар түшүүдө жана  мында, көбүнчө, негизги тоскоолдук баштапкы төлөмдү төлөөгө каржы каражаттарынын жетишсиздиги себеп болууда.

2022-жылдын 13-декабрында «РСК Банк» ААК, «Кепилдик фонд» ААК жана «Мамлекеттик Ипотекалык Компания» ААК ортосунда ипотекалык кепилдиктерди берүү жөнүндө келишимге кол коюлганын эске сала кетебиз.

_______

Бул маселеге тиешелүү толук маалыматты Банктын филиалдарынан жана 0 312 58 01 47 телефондору аркылуу алсаңыздар болот.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>