10.02.2023
«РСК Банктын» Кара-Көл филиалынын ачылышы
Эми "РСК Банк" Кара-Көл шаарында!
Бүгүн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында "РСК Банк" ААКнын Кара-Көл филиалынын салтанаттуу ачылышы болуп өттү.
Ачылыш аземге «РСК Банк» ААК Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Оралбек Чомоков, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Мамасалы Акматов, Кара-Көл шаарынын мэри Таалайбек Конкобаев жана башкалар катышты.
Бөлүм финансылык кызматтардын кеңири спектрин сунуштайт:
- жеңилдетилген шарттарда насыяларды алуу;
- эл аралык жана улуттук Visa, Mastercard, ЭЛКАРТ жана UPI төлөм карталарын ачуу жана тейлөө;
- RSK24 мобилдик банкингинин ачылышы, мында 600дөн ашык кызматтар көрсөтүлөт;
- акча которуулар;
- депозит, овердрафт ачуу
- ар кандай төлөмдөрдү кабыл алуу жана башка көптөгөн кызматтар.
Иштөө режими:
- Дүйшөмбүдөн жумага чейин: 08.30 - 16.30;
- түшкү тыныгуу: 12.00 - 13.00.
Дареги: Кара-Көл шаары, Ленин көчөсү, 16Б.