Капчинин мааниси туура эмес ↓
22.12.2021

KKM-онлайн функциясы менен пос-терминалдары

KKM-онлайн функциясы менен пос-терминалдары

 «РСК Банк» ААК Кыргызстанда биринчи жолу Мамлекеттик салык кызматы менен KKM-онлайн функциясы менен pos-терминалдарды орнотууну сунуштоого багытталган долбоорду иштеп чыкты.

Бул KKM түзүлмөсү өзүнө үч функцияны бириктирет:

- төлөмдөрдү каалаган банктын бардык төлөм карталары боюнча нак эмес кабыл алуу;

- 1С программалык камсыздоо (бухгалтер иштери);

- аппарат, ошондой эле, фискалдык чекти иштеп чыгып, операциялар боюнча маалыматтарды сактайт жана салык органына отчетторду жөнөтөт.

Бул кызматтардын бардыгы реалдуу убакыт ыргагында бүткөрүлөт.

Товарларга же кызматтарга нак акча төлөп жатканда да аппарат кардарга фискалдык чекти бере турганын кошумча белгилеп кетебиз.

Мындан тышкары дагы маанилүү маселе, pos-терминалдык функциясы бар инновациялык кассалык машинанын жардамы менен ири соода түйүндөрүнүн ээлери үчүн кымбат баалуу түзүлмөлөрдү, атап айтканда: компьютерлерди, чектерди басып чыгаруу үчүн принтерлерди сатып алуунун кажети болбойт.

ККМ түзүлмөсү менен pos-терминалды орнотуу үчүн РСК Банктын Байланыш борборуна 0312/0552/0706/0775 911 111  аркылуу кайрылсаңыздар болот.

WhatsApp номери 0706 911 111.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>