Капчинин мааниси туура эмес ↓
22.05.2023

«РСК Банк» «Таштандыларды тескөөнүн мыкты тажрыйбасы» экобелгисин алды

 «РСК Банк» «Таштандыларды тескөөнүн мыкты тажрыйбасы» экобелгисин алды

«РСК Банк» «Таштандыларды тескөөнүн мыкты тажрыйбасы» белгисин – эко марканы колдонуу укугуна шайкештик жана уруксат сертификатын алган Кыргызстандагы банктардын биринчиси болуп калды.

Өткөн жумада Кыргызстандагы WasteNet.kg Таштандыларды тескөөнүн эл аралык тармагы тарабынан уюштурулган “Green Waste Leaders – 2023” эко-лейбл маркаларын тапшыруу боюнча салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

 «Best Recycle Practice» лейбл – бул таштандыларды кайра иштетүүгө жана кайра колдонууга өткөрүп берүү үчүн компанияда таштандыларды өзүнчө топтоо ишин жайылтуу аркылуу аларды тескөөнүн эң мыкты тажрыйбалары боюнча көз карандысыз экологиялык белги (маркировка) болуп саналат.

Өлкөдөгү эң ири банктардын бири катары РСК Банк өзүнүн иш-аракетинде бир катар артыкчылыктуу багыттарды, анын ичинде, сарамжалдуу керектөөнү караган ESG принциптерин колдонуунуга олуттуу маани берет.

Банк бул багытта кандай чараларды көрүп жатат?

• Бардык калдыктарды, таштандыларды зыянсыз утилизациялоо (пластикалык, макулатура, колдонулган банкоматтар, терминалдар, лампалар жана башкалар);

• Таштандыларды сорттоо үчүн банк кеңселеринде эко-кутучаларды орнотуу;

• Айлана-чөйрөгө зыяны жок сувенирдик эко-продукцияларды иштеп чыгуу;

• Ысырапкорчулукту азайтуу максатында электрондук документ жүгүртүүгө өтүү;

• Таштандыларды тескөө системасын уюштуруу боюнча адистерди үзгүлтүксүз окутуу.

Жогоруда аталган эко-белгини алуу РСК Банк экологияны жана айлана-чөйрөнү коргоо, сактоо багытында олуттуу чараларды көрүп жатканын дагы бир жолу далилдейт.

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>