Капчинин мааниси туура эмес ↓
22.10.2020

Вице-премьер-министр А.Новиковдун финансы-кредит мекемелеринин өкүлдөрү менен жолугушуусу

Вице-премьер-министр А.Новиковдун финансы-кредит мекемелеринин өкүлдөрү менен жолугушуусу

"Банк сектору өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүүдө чоң ролду ойноп жатат", - деп билдирди бүгүн Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Артем Новиков банк секторунун өкүлдөрү менен жолугушуу иш-чарасында.

Иш-чарага «РСК Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Азизбек Оморкулов катышты. Жолугушууда финансы тармагын мамлекеттик колдоо, ишкердик жүргүзүүгө жеңилдетилген кредиттерди берүү программаларын ишке ашыруу, ошондой эле, өтүмдүүлүктү жана финансылык институттардын туруктуулугун зарыл деңгээлде камсыз кылуу келечеги туураалуу маселелер талкууга алынды.

А.Новиковдун айтымында, өкмөт банк секторун  мынданы ары дагы колдоону улантууга даяр. 2020-жылдын ноябрь айынан баштап ишкерлерге жеңилдетилген кредиттерди берүү программаларын калыбына келтирүү маселеси чечилип жатат.

РСК Банк “Ишкердик субъекттерин каржылоо” жана “Айыл чарбасын каржылоо-8” мамлекеттик программаларын ийгиликтүү ишке ашырып жатканын кошумча эскерте кетебиз.

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>