Капчинин мааниси туура эмес ↓
06.06.2023

Алдамчы-шылуундардан сак болуңуздар!

Алдамчы-шылуундардан сак болуңуздар!

Урматтуу кардарлар!

«РСК Банк» ААК белгисиз адамдардын шилтемелерине өтүүдө этият болууну эскертет.

Учурда шылуундар:

  • lalafo сайтына жана башка соода аянтчаларына жеке маалыматтарды киргизүү үчүн шилтемелерди жөнөтүүдө;
  • банк аркылуу каржылык жардамды алууга болору жөнүндө фейк билдирүүлөрдү жөнөтүп жана маалыматтарды киргизүү үчүн жасалма мобилдик банкингге шилтеме жөнөтүшөт.

"РСК Банк" ААКнун мобилдик банкинг боюнча бир гана туура сайты https://24.rsk.kg.

Белгисиз алдамчы сайттар аркылуу шылуундар сиздердин эсептик маалыматыңыздарды билип алып, акчаңызды уурдап кетиши мүмкүн!

Мындан тышкары, ар кандай операцияларды жасоодо «РСК Банктан» алган тастыктоо коду жазылган СМС маалыматтарын эч кимге бербеңиз. СМС ырастоолору сиз үчүн гана экендигин эстен чыгарбаңыз!

Абайлаңыздар, этият болуңуздар! Ушул өңдүү бардык учурлар тууралуу «РСК Банк» ААКна дароо билдирүүңүздөрдү сиздерден өтүнөбүз.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>