Капчинин мааниси туура эмес ↓
27.07.2020

Шылуундардан сак болгула!

Шылуундардан сак болгула!

Урматтуу кардарлар!

Акыркы мезгилде Кыргызстанда алдамчылык менен шугулдануу аракети күч алган өсүш байкалууда. Ушуга байланыштуу, коопсуздук жана алданып калбоо боюнча сунуштарга маани берип, сак болууңуздарды сиздердин эсиңиздерге салабыз.

- Мобилдик Банкинг тиркемеси боюнча сизге белгисиз адамдардын талаптарын такыр аткарбаңыз;

- Алдамчылар өздөрүн дароо Банктын кызматкерлери катары тааныштырып киришет. Эсте болсун,  Банк кайсы бир операцияларды жүргүзө коюңузду жана жеке маалыматтарды (Логин, Сыр сөз-Пароль, PIN-код, CVV / CVC-код) сиздерден эч кандай талап кылбайт. Эгерде, Банктын атынан кимдир бирөө сизден ушундай аракеттерди жасоону талап кылса, анда алар айлакер шылуундар. Абайлаңыз, сак болуңуз!

- Жеке маалыматтарыңыздын ишеничтүү сакталганына көңүл буруңуз. Анткени, аларды алдамчылар колдоно коюшу мүмкүн. Жеке телефон номериңизди жарыя сайттарында жана социалдык тармактарда калтырбаңыз. Мындай учурлар үчүн өзүнчө SIM картаны сатып алуу сунушталат;

- СМС аркылуу жөнөтүлгөн коддор сизге гана таандык. Эч качан алар тууралуу үчүнчү жактарга билдирбеңиз;

- Банктын расмий каналдарынан эмес,башка бир жактардан  келген акциялар жана байге утуп алуу жөнүндө билдирүүлөргө ишенбеңиз;

 

- Алдамчылык аракеттерге бир аз шектенүү пайда болсо, кандайдыр бир иш-аракет жасаардан мурда Банктын Байланыш борборуна чалып, маалыматты тактаңыз. Телефондор 0312 / 0552 / 0706 / 0775 911 111

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>