Кичи жана орто бизнеске пайызсыз насыя
«РСК Банк» ААКсы COVID-19 кесепеттеринен жапа чеккен ишкерлерди колдоонун алкагында кичи жана орто бизнестин өкүлдөрүнө 1 миллион сомго чейин пайызсыз насыя берет.
Долбоор эки категориядагы чакан жана орто бизнести насыялоону карайт:
- Микро ишкерлерге - 250 000 сомго чейин.
- Азыркы учурда, ошондой эле 01.07.2018-жылдан тарта 8 айдан кем эмес иштеген жана жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган жеке ишкерлер.
- Чакан жана орто бизнес - 1 000 000 сомго чейин.
- 01.07.2018-жылдан бери 8 айдан кем эмес иштеген жеке ишкерлер.
- 01.07.2018-жылдан тарта 8 айдан кем эмес иштеген жана жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган юридикалык жактар.
Насыянын максималдуу мөөнөтү – 18 айга чейин.
Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 58-01-20 телефону аркылуу кайрылсаңыздар болот.
/* Кнопки поделиться */?>