Капчинин мааниси туура эмес ↓
03.07.2023

«РСК Банк» ААК Кыргызстандын эң мыкты салык төлөөчүсү!

«РСК Банк» ААК Кыргызстандын эң мыкты салык төлөөчүсү!

 «РСК Банк» ААКсы 2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын бюджетинин киреше бөлүгүн түзүүгө кошкон зор салымы, салык мыйзамдарын ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн «Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү» деп табылды.

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматында салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Анда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов «РСК Банк» ААК Башкарманын төрагасы Уланбек Ногаевге «Кыргызстандын мыкты салык төлөөчүсү» сертификаты менен төш белгисин тапшырды.

Куттуктоо сөзүндө А.Абдувапов белгилегендей, бүгүнкү күндө Мамлекеттик салык кызматы жогорку көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келе жаткан уюмдардын, анын ичинде «РСК Банк» ААКсынын чынчыл жана ачык-айкын ишмердүүлүгүнүн аркасында.

- «РСК Банк» өлкөнүн салык мыйзамдарын сактоого чоң жоопкерчилик менен мамиле кылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү акционери болуп саналган банк катары биз кирешени бюджетке чегерип, ошону менен өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, калкка пенсия жана пособиелерди төлөөгө салым кошобуз. Бүгүнкү сыйлык Кыргызстандын бюджетинин киреше бөлүгүн толтурууга банктын кошкон салымын баалоо болуп саналат, - деп баса белгиледи У.Ногаев.

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>