Капчинин мааниси туура эмес ↓
03.05.2022

Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоору башталды

Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоору башталды

Агроөнөр жайлык кластерлерди жеңилдетилген кредиттөө аркылуу агрардык сектордун чарба жүргүзүүчү субъекттерин колдоо максатында “РСК Банк” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 16.03.2022-ж. 120-р буйругунун чегинде «Агроөнөр жай комплексин кредиттөө» долбоорун ишке ашырууга катышат. Бул долбоор кластердик ассоциацияларга кирбеген фермерлерди да, өлкөнүн агрардык секторунун төмөнкү кластердик ассоциацияларын да камтыйт:

  • Кант;
  • Жемиштер жана мөмөлөр;
  • Эт;
  • Картошка;
  • Сүт;
  • Жашылчалар жана бакча өсүмдүктөрү;
  • Дан;
  • Өсүмдүк майы;
  • Тоок жумурткасы.

Долбоордун шарттарына ылайык, кредиттер улуттук валютада жылдык 6% менен 12 айдан 60 айга чейин жеңилдетилген мөөнөт менен берилет.

Насыянын суммасы:

- дыйкандардын бардык категориялары үчүн күрөөсүз негизде 36 айга чейин 300 000 сомго чейин;

- кластердик бирикмелердин катышуучуларына 5 млн сомго чейин 36 айга чейин;

- кластердик бирикмелердин агрегаторлору 150 млн сомго чейин 60 айга чейин;

- айыл чарба кооперативдерине, үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбаларына, мөмө-жемиш питомниктерине, ошондой эле малды жана тоютту бордоп семиртүүчү айыл чарба субъектилерине 50 млн сомго чейин 60 айга чейин.

Кошумча маалымат алуу үчүн (0312) 58 01 20, 58 01 19, (0555) 25 54 30 телефондоруна кайрылсаңыздар болот.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>