Капчинин мааниси туура эмес ↓
23.11.2022

Комиссиясыз Quickpay жана Unipay терминалдары аркылуу карталарды толуктоо

Комиссиясыз Quickpay жана Unipay терминалдары аркылуу карталарды толуктоо

Акысыз 𝐐𝐮𝐢𝐜𝐤𝐩𝐚𝐲 жана 𝐔𝐧𝐢𝐩𝐚𝐲 терминалдары аркылуу “РСК Банктын” эсептерин толуктаңыз жана кредиттерин төлөңүз!

Биздин кардарлар үчүн сонун жаңылык! 𝐐𝐮𝐢𝐜𝐤𝐩𝐚𝐲 жана 𝐔𝐧𝐢𝐩𝐚𝐲 терминалдардагы бардык комиссияларды алып салдык! Эми карталарды толуктоо жана кредиттерди төлөө бекер.

1. 𝐔𝐧𝐢𝐩𝐚𝐲 терминалынын башкы менюсунан "Финансылык кызматтарды", андан кийин "РСК Банктын кызматтарын" табыңыз:

  • картаны толуктоо;
  • кредитти төлөө;
  • телефон номери боюнча картаны толуктоо.

2. 𝐐𝐮𝐢𝐜𝐤𝐩𝐚𝐲 терминалынын башкы менюсунан “Финансылык кызматтар", андан кийин "Банктык кызматтар", "РСК Банк" дегенди табыңыз:

  • кредитти төлөө;
  • телефон номери боюнча картаны толуктоо.

Бир транзакция үчүн терминалдагы толуктоонун максималдуу суммасы 50 миң сомду түзөт.

Белгилей кетсек, республика боюнча берилген системалардын 3 000ден ашык терминалдары бар.

Мындан тышкары, РСК Банктын” терминалдары аркылуу комиссиясыз карталарды толуктап жана кредиттерди төлөсө болот.

Маанилүү. Pay24 терминалдарында 2022-жылынын 23-ноябрдан баштап эсепти толуктоодо жана насыяны төлөөдө 2% комиссия иштей баштады.

 

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>