Капчинин мааниси туура эмес ↓
20.03.2020

РСК Банктан онлайн тейленүү – саламаттыка залалы жок ыңгай

РСК Банктан онлайн тейленүү – саламаттыка залалы жок ыңгай

 «РСК Банк» ААК Кыргызстандын аймагында  COVID-19 тарап кетүүсүнүн алдын алуу боюнча иштиктүү  чараларды кабыл алуу менен, өзүнүн кардарларына жана  өнөктөштөрүнө аралыктан тейленүүдөн пайдаланууну сунуштайт.

Банк карантин убактысында олуттуу өзгөртүүлөргө барды – төлөм акы (комиссия) «0» %: 

1. «RSK24» мобилдүү банкинг аркылуу 100дөн ашуун тейлөө кызматына;

2.  юридикалык жактар үчүн Интернет-банкингге абоненттик төлөөгө.

 

РСК Банктын онлайн тейлөө кызматтарына аптанын жети күнүндө 24 саат бою - 7/24 кол жетет.

  1. Юридикалык жактар үчүн өлкөнүн ичиндеги төлөмдөрдү жана эл аралык операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү интернет-банкинг.

     

  2. «RSK24» мобилдүү банкингдин төлөм тейлөө кызматтары жана банкоматтар төмөнкүдөй төлөмдөрдү камтыйт:

- мамлекеттик бюджетке (паспорт алууга төлөө, салыктар, Жол кыймылы эрежелерин бузууга айып пулдар, электрондук патент, ошондой эле унааны каттатуу үчүн төлөм);

- Интернет, турак-жай коммуналдык чарба, ТВ, КММ, билим берүү, мобилдүү байланыш жана башкалар.

3. Аралыктан акча которуулар:

- «Золотая корона» которуулар системасы боюнча РСК Банктын төлөм карталарына которууларды алуу;

- Банктын расмий сайты аркылуу “Контакт” жана “Юнистрим” акча которуулар системасы боюнча которууларды жөнөтүү.

4. Банктын сайтында онлайын тейлөөсүнө билдирме (заявка) калтыруу:

- төлөм карталарын ачууга (Бишкек шаары боюнча акысыз жеткирилет)

 - кредит алууга, Интернет-банкингге жана эмгек акы долбооруна туташууга, эсептешүү эсебин ачууга, pos-терминалдарды жана банкоматтарды орнотууга.

5. UMAI жана Beeline терминалдары аркылуу карталарды толуктоо жана кредиттерди төлөө мүмкүндүгү.

6. Банкоматтар аркылуу  «RSK24»мобилдүү банкингге туташуу.

7. «Дисконттук клуб» - байланышсыз төлөй алууга жардам.

8. Байланыш борборлору телефон чалууларды аптанын жети күнүндө 24 саат бою кабыл алышат.

Кеп-кеңештерди (0312/0552/0706/0775) 911-111 телефону, (0706)911-111 Whatsapp номери боюнча алууга болот. Банктын расмий сайтында  оператор-адис менен сүйлөшүүгө болот.

9.  РСК Банктын  бардык бөлүмдөрү жана кардарларды тейлөө борборлору адаттагы (штаттык) абалында иштеп жатат

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>