Капчинин мааниси туура эмес ↓
31.03.2023

“РСК Банк” ААКнун акционерлеринин жалпы жыйналышы болуп өттү

“РСК Банк” ААКнун акционерлеринин жалпы жыйналышы болуп өттү

Бүгүн “РСК Банк” ААКнун акционерлеринин жалпы жыйналышы болуп өттү.

Жыйналышка Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасынын орун басары М.А.Машиев, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин өкүлдөрү, Банктын Директорлор кеңешинин Төрагасы Д.С.Эрмеевдин жетекчилигинде Кеңештин мүчөлөрү жана Төрага У.М.Ногаев башында турган "РСК Банк" Башкармасынын мүчөлөрү катышышты.

Жыйындын жүрүшүндө "РСК Банктын" иш-аракетинин оң натыйжалары белгиленди.

Жылдык финансылык отчет жана бюджет бекитилип, банктын 2023-жылга карата өнүгүү багыттары белгиленди.

Акционерлер тарабынан "РСК Банктын" тапкан пайдасынын 100% дивиденддерди төлөөгө жумшоо чечими кабыл алынды.

Жыйналышта "РСК Банк" инновациялык санариптик долбоорлорду ишке ашыруу мазмунундагы маалыматтар менен тааныштырганын белгилей кетебиз.

Эске салсак, "РСК Банк" 1996-жылы негизделген. Акциялардын 100%ы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө таандык.

Бул жылдар ичинде Банк өзүнүн туруктуу өнүгүүсү менен, калктын ишенимине ээ боло алды, муну кардарлардын саны тынымсыз өсүп жаткандыгы тастыктап турат.

"РСК Банк" кардарлардын учурдагы жана келечектеги керектөөлөрүн эске алуу менен, өнүгүүнү жана өркүндөтүүнү уланта бермекчи.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>