13.04.2020
Ноокат, Кара-Суй жана Сузак районундагы пенсионерлерге маалымат
Урматтуу пенсионерлер, өзгөчө кырдаалга байланыштуу, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорундагы бардык пенсиялык төлөмдөр Кыргыз почтасынын кеңселеринде жүргүзүлөт. Мындан тышкары, РСК Банкы Бишкектеги “Ала-Тоо” конушунда жашаган кардарларга пенсияларды жана социалдык жөлөк пулдарды берүү үчүн көчмө пункт уюштурду.
Аталган пункт Жоон-Дөбө көчөсү, 30 дарегинде айылдык милиция бөлүмүнүн имаратында убактылуу иштейт. Кардарларды тейлөө убактысы саат 9.00дөн 15.00гө чейин.
/* Кнопки поделиться */?>