Капчинин мааниси туура эмес ↓
31.03.2020

"РСК24" Мобилдүү банкингден бизге жазгыла

"РСК24" Мобилдүү банкингден бизге жазгыла

«РСК Банк» ААК онлайн режимин күн сайын өркүндөтүү менен иштеп жатат. Биз үчүн кардарлар менен байланышты үзбөө маанилүү, ошондуктан Банктын адистери "РСК24" Мобилдүү банкингдин алкагында кайтара байланышынын жаңы ыңгайларын иштеп чыгышты.

Эми, тиркемедеги "Почта" бөлүмү аркылуу сиз 17 операция боюнча өз арызыңызды жөнөтө аласыз. Бул үчүн "RSK24" МБ >> Почта дарегине өтүңүз.

Төмөндө операциялар аталган тизме көрсөтүлгөн:

1. Мобилдүү банкинг тутумундагы тейлөө кызматтарынан айрым эсептерди өчүртүп салууга арыз;

2. Мобилдүү банкинг тутумундагы лимиттерди көбөйтүүгө / азайтууга арыз;

3. Мобилдүү банкинг тутумуна кирүү мүмкүнчүлүгүн өчүрүүгө арыз;

4. Картаны кайрадан даярдатып чыгарууга арыз (жоголуп кетишине же жараган мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу);

5. Кардардын эсептери боюнча элчиликтер үчүн маалымкаттарды даярдатууга арыз;

6. Акчаларды нак алуу жана карталар менен нак эмес сатып алуу боюнча күнүмдүк лимиттерди көбөйтүүгө/азайтууга арыз;

7. Картанын жардамы менен интернет-операцияларына кирүү мүмкүнчүлүгүнө туташууга / андан чыгууга арыз;

8. Картадагы балансты өзгөртүү жөнүндө СМС кабарлоосуна туташууга / андан чыгууга арыз;

9. Эгерде кардар банкоматта биринчи тейленүү учурунда өз алдынча аткара албаса, картаны Пин-активдештирүүгө арыз;

10. Пин код үч жолу туура эмес жазылганда, жарабай калган ПИН-кодду алып салдырууга арыз;

11. Банкоматта мурда жүргүзүлгөн операциялар боюнча чекти көрсөтүүгө арыз;

12. Которуулар үчүн банктык реквизиттерди сурап алууга кат;

13. Төлөм карталарын бөгөттөн чыгарууга арыз;

14. Карталык овердрафт боюнча лимитти азайтууга арыз;

15. Нак акча алууда бир карталык операция боюнча банкоматтан фото / видео жазуулардын берилишине арыз;

16. Банкоматта калып калган картанын кайтарылып берилишине карата арыз;

17. Банкоматта калып калган акча каражаттарынын кайтарылып берилишине арыз (нак эмес).

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>