Капчинин мааниси туура эмес ↓
17.09.2022

"РСК Банктын" эмгек жамааты Баткенде жабыр тарткан тургундарына бир күндүк эмгек акыларын которот

"РСК Банктын" эмгек жамааты Баткенде жабыр тарткан тургундарына бир күндүк эмгек акыларын которот

Бүгүнкү күндө бүтүндөй Кыргызстандыктар кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга жүрөгү сыздап көз салып турушат. Коомчулук Баткен областындагы жабыркагандарга жардам берүү үчүн бир муштумдай болуп биригип жатат.

 

Ушундай оор күндөрдө РСК Банктын жетекчилиги жана жалпы эмгек жамааты Баткен областынын жабыр тарткан тургундарына жардам катары өз салымын кошуу максатында бир күндүк эмгек акыларын жөнөтүүнү чечишти.

 

Биз Куттуу Кыргыз жерибизде тынчтык жана бейпилдик тезирээк орноруна ишенебиз, - деп белгиледи «РСК Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Кадырбек Букуев.

 

Бүгүнкү күндө биздин мекендештерибиздин колдоого ар бир адам өз салымын кошо алат. Акча каражаттарын RSK24 мобилдүү банкинг аркылуу, ошондой эле, гуманитардык жардамды кабыл алуу пунктунун жанында, Кожомкул атындагы спорт сарайында орнотулган РСК Банктын терминалдарынан которууга болот.

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>