Капчинин мааниси туура эмес ↓
16.01.2020

АК ИЛБИРСТИ САКТОО – КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАПАЙЫ ЖАРАТЫЛЫШЫН КОРГООГО АЛУУ

АК ИЛБИРСТИ САКТОО – КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАПАЙЫ ЖАРАТЫЛЫШЫН КОРГООГО АЛУУ

Ак илбирс - Кыргызстандын экосистема маданиятынын ажырагыс бир бөлүгү. "РСК Банк" ААК, ак илбирстерди сактоого жана санын көбөйтүүгө көнүл бурдуруу маселесин жогорку деңгээлде кабыл алуу менен,  Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форум менен бир топ жылдан бери өнөктөш катары кызматташууда.

Албетте, Талас облусунда жарадар абалында табылып, Жаабарс аталган жаш илбирс окуясы Банкты кайдыгер калтырган жок.

Банк Башкармасынын Төрагасынын орун басары  Айчүрөк Жакыпова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору Мирслав Аманкулов менен жолугушуп, ак илбирстин саламаттыгын калыбына келтирүүдөгү зарыл чараларды талкуулады жана ак илбирсти реабилитациялоого  акча каражатын алуу үчүн анын колуна сертификат тапшырды. Аталган Агенттиктин директору Мирслав Аманкулов  бул каралган жардам Жаабарстын абалын  калыбына келтирүү үчүн  дары-дармектерди сатып алууга жана шарттарды жакшыртууга жумшаларын билдирди.

Банктын кызматкерлери да ак илбирсти жеринде барып көрүп келишти. Ветдарыгерлердин күч-аракеттери аркылуу ал акырындык менен сакайып, тамак жей баштаган жана дарылануунун натйыжасында жытты да сезе баштаган. Ветеринарлардын айтымына караганда, анын көздөрүнүн көрүүсү операциядагы шишиктердин кайтышынан кийин жарым-жартылай калабына  келет.  Жаш Жаабарска  жалпы колдоо жана камкордук анын толук жашоо абалына алып келерине ишенебиз.

Кайталангыс жаныбар – ак илбирстин жашап, көбөйүшү төмөндөгү 12 өлкөдө коргоого алынган: Кыргызстан, Афганистан, Бутан, Кытай, Индия, Монголия, Казакстан, Непал, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан.

Ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форум менен өнөктөштүктүн чегинде, Банк тарабынан Ысык-Көл областындагы "Сарычат-Эрташ" мамлекеттик коругунда жайгаштырылган фотокапканды сатып алууга каражаттар бөлүнүп берилген. Фотокапкан  ошол аймактагы  био-ар түрдүүлүктү жана үйүрү менен жүргөн ак илбирстердин санын аныктап турат.

Банктын маалымат кызматы билдиргендей, “РСК Банк” ААК ак илбирсти жана анын экосистемасын сактап калуу багытындагы иштерге (программа) өз колдоосун мындан ары да көрсөтө берет.

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>