Капчинин мааниси туура эмес ↓
02.09.2020

ЭКСИМБАНККА ӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

ЭКСИМБАНККА ӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨ МААЛЫМАТ

«РСК БАНК» ААКнун экспорттук-импорт банкына (Эксимбанк) өтүүсү тууралуу жаңылыктарга жана мындан улам келип чыккан кардарлардын суроолоруна байланыштуу, «РСК БАНК» төмөндөгүлөрдү билдирет:

Азыркы тапта Банкатын ишине КОШУМЧА сервис киргизүү тууралуу суроо талкууланууда. Бул сервис экспортко багытталган кардарлардын колдоосу жана финансылык каржылануусу менен байланыштуу болмокчу. Тактап айтканда,  чет өлкөдө сатып-алууларды жүргүзгөн ишкерлерге/мекемелерге багытталмакчы.

Муну менен бирге, «РСК БАНК» мурдагыдай эле бардык тармактар боюнча (кредит, депозит, карталык төлөм ж.б.) эч өзгөрүүсүз кызмат көрсөтмөкчү жана кардарлардын алдында өз милдетин аткармакчы.

Компания төмөндөгү бөлүмдөрдө банктык кызмат көрсөтүү спектрин кеңейтүү менен өз ишин улантмакчы:

-чекене кардарлар;

-чакан жана орто бизнес ишканалар;

-ири корпоративдик кардарлар, анын ичинде экспортко багытталган кардарлар.

Эскерте кетсек, "РСК Банк" ААКнун 100% акциясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тарабынан сунушталган өкмөткө таандык. Жогорудагы өзгөртүүлөр мамлекеттин үлүшүн өзгөртпөйт жана Банктын функциясы өзгөрүүсүз бойдон калат.

 

Маалымат үчүн: компаниянын уставдык капиталы 2 миллиард 333 миллион сом. Учурда банк өлкөдөгү эң ири филиалдык тармакка ээ.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>