Капчинин мааниси туура эмес ↓
04.02.2020

БАНКТЫН ИЙГИЛИКТЕРИ ЖМК ӨКҮЛДӨРҮНӨ ЖАКЫНДАН ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

БАНКТЫН ИЙГИЛИКТЕРИ ЖМК ӨКҮЛДӨРҮНӨ  ЖАКЫНДАН ТААНЫШТЫРЫЛДЫ

Бүгүн “РСК Банк” ААК  жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн сааркы чай уюштуруп, ага Банктын Төрагасы Азизбек Оморкулов өзү катышып, өткөн жылдын жыйынтыктары жана 2020-жылга карата жакынкы пландар тууралуу аларга айтып берди.

2019-жылдын жыйынтыгы боюнча РСК Банк кредиттик куржунун 14,5 миллиард сом рекорддук көрсөткүчкө жеткире алган.

Азизбек Оморкулов айткандай, РСК Банктын каржылоосу мурдагы убактарда көпчүлүк учурда ири - Бишкек жана Ош шаарларында топтолуп келген. Ал эми, 2019-жылдан бери Банк аймактарга өзгөчө басым коюп келет. 2019-жылы кредит куржуну, бүтүндөй алганда, 13,3% түзгөн.

"2018-жылы бизде региондордо берилген кредиттердин көлөмү 49%га көбөйгөн. Ал эми, 2019-жылдын соңунда дагы 19%га өсүш болгон. Ошентип, кредиттердин аймактар боюнча топтолуусун - аймактарга 5,54 млрд. сом (кредиттердин жалпы  көлөмүнүн 66%), ал эми, Бишкек жана Ош шаарларына 2,88 млрд. сом (34%) берилгенин" Төрага белгилей кетти.

Айрыкча, ар кандай себептерден улам мамлекеттик программаларга катышууга колу жетпей жаткан, жергиликтүү ишкерлерге колдоо көрсөтүү үчүн Банк алты кредиттик продуктуну алгылыктуу шарттар менен иштеп чыккан: жылдык 14-15% пайыздык чен, банктын айрым сунуштарында   жылдык 12% менен.

Банк тарабынан иштелип чыккан продуктулар Ошто пахтаны кайра иштетүү, Жалал-Абадда айыл чарба азыктарын кайра иштетүү, Баткенде көмүр өндүрүү, Нарында бышык кыш чыгаруу ишканаларынын, Таласта буурчакты экспорттоо, Ысык-Көлдө эмеректерди жасап чыгаруу,  Чүйдө балык чарбасы ишканаларынын иштерин алдыга жылдырууну каржылоого мүмкүнчүлүк берген.

2020-жылга Банктын омоктуу пландары бар. Алардын арасында, ислам банкингди кеңири колдонууга көмөктөшүү, Россия-Кыргыз Өнүктүрүү фонду жана Кепилдик фонд менен биргеликте Start-Up долбоорлорду каржылоо, "Сатып алууда нак алуу” жаңы тейлөө кызматын баштоо”.

"РСК Банк даярдап чыгарган карта ээлери нак эмес сатып алууда соода түйүндөрүндөгү POS-терминалдар аркылуу акчаларды нак түрдө ала алышат. Бул тейлөө кызматы дүң соода базарынын бир тармагында сынап көрүү иретинде пландаштырылып жатат. Албетте, мында шаардын калк жыш жайгашкан чөлкөмүнүн банкоматтарга баруу машакат болгон жерлерге басым коюлат” – деп кошумчалады Азизбек Оморкулов.

Банк сааркы чайдан соң маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн РСК банкы өзү жеңилдик шарттары менен каржылаган ROZ  ЖЧК өндүрүш ишканасына ээрчитип барып, иш ийгиликтерин аларга жеринде тааныштырып, көрсөттү.

ROZ ЖЧК  самын, жуугуч каражаттарды өндүрүп чыгарат. Бул ишкана 2000-жылдан тарта иштей баштаган. Ошол мезгилден бери анын өндүрүү иши кеңейүүдө: бул кир самын, атыр самын жана тиричиликке керектүү химиялык заттар (мис, идиш жуучу суюктуктар, тазалагычтар, хлор камтылган каражаттар) жана кооздук үчүн шамдар.

Бул ишкана өндүрүп чыгарган товарлар Ооганстан, Иран, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Грузия жана Россиянын рынокторуна экспорттолууда

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>