Капчинин мааниси туура эмес ↓
01.07.2022

Салык кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чара

Салык кызматкерлеринин күнүнө арналган иш-чара

Бүгүн Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын салык кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлүп жатат.

Бул маанилүү иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы А.У.Жапаров, Мамлекеттик салык кызматынын Төрагасы А.К.Абдувапов, «РСК Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы К.Д.Букуев, «РСК Банк» ААК Башкармаснын Төрагасынын орун басары  А.Ж., Жакыпова, мамлекеттик органдардын жетекчилери жана башкалар катышышты.

Банктын Төрагасы Кадырбек Букуев Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаровго Банктын аралыктан көрсөтүлүүчү тейлөө (дистанциялык) кызматтары менен тааныштырды.

Белгилей кетсек, Банк каржы институттарынын ичинен биринчи болуп өлкөнүн бардык аймагындагы соода жана тейлөө ишканаларында KKM-online функциясы менен pos-терминалдарды бекер орноткон.

Мындан тышкары, RSK24 мобилдүү банкинг тиркемеси аркылуу жеке адамдар үчүн бардык салыктарды жана электрондук патентти болгону 1 сом комиссия менен төлөөгө боло турган шарт бар.

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>