Капчинин мааниси туура эмес ↓
24.03.2023

«РСК Банк» пластикти «жашыл» технология менен кайра иштетти

«РСК Банк» пластикти «жашыл» технология менен кайра иштетти

Өлкөбүдөгү эң ири банктардын бири катары «РСК Банк» ESG алкагында туруктуу өнүгүү маселелеринде жогорку жоопкерчиликти көрсөтүүдө.
ESG-принциптери бир катар артыкчылыктуу багыттарды, анын ичинде акылга сыярлык керектөөнү карайт. Бул багыттын алкагында банк акыркы жылдары Шина кайра иштетүүчү заводдо өзүнүн таштандыларын (пластик, макулатура, эски банкоматтар, терминалдар жана башка көптөгөн нерселер) кайра иштетүүдө.
Ишкана пиролиз ыкмасы менен (калдыктарды түтүнсүз жок кылуу) иштейт жана бардык эл аралык стандарттарга жооп берет. Бул ишкана таштандыларды кайра иштетүүнүн натыйжасында атмосферага зыяндуу заттарды чыгарбайт.
Бүгүн “РСК Банктын” кызматкерлери пластик карталарын кайра иштетүүгө алып барышты. Банктын чакыруусу менен ишканага WasteNet.KG - Кыргыз Республикасындагы Таштандыларды башкаруу тармагын өнүктүрүү боюнча эксперт Эгембердиева Гүлшат да келди.
Белгилей кетсек, «РСК Банк” WasteNet.KG тармагынын мүчөсү болуп саналат.
 
 
 
 
 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>