17.12.2021
25 жана 26-декабрында иштөө режими
Урматтуу кардарлар!
«РСК Банк» ААК 2021-жылдын 25 жана 26-декабрында төмөндөгү бөлүмдөр кыскартылган режимде иштей турганын маалымдайт:
- 25-декабрда алты күндүк режими менен иштеген сактык кассалары жана Жайыл филиалынын Кардарларды тейлөө борбору (КТБ) 09.00дөн 12.00гө чейин кардарларды тейлейт;
- 26-декабрда Чүй, Кант жана Токмок филиалдарынын КТБлору жана Чүй филиалынын Акча которуу борбору саат 09.00дөн 16.00гө чейин иштейт.
25-декабрда Бишкек ш., көч. Жукеев-Пудовкин, 138/2 дарегинде жайгашкан Сактык кассасынын Кардарларды тейлөө борбору иштебейт.
Кененирээк маалыматты Банктын Байланыш борборунан (0312/552/706/775) 911 111 телефону аркылуу билсеңиз болот.
/* Кнопки поделиться */?>