Капчинин мааниси туура эмес ↓
24.05.2022

«РСК Банк» ААК Башкармасынын жылдык кеңейтилген отуруму болуп өттү

«РСК Банк» ААК Башкармасынын жылдык кеңейтилген отуруму болуп өттү

Өткөн ишембиде «РСК Банк» ААК Директорлор Кеңешинин катышуусунда Банк Башкармасынын жылдык кеңейтилген отуруму болуп өттү.

Отурумда 2021-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2022-2026-жылдарга Банктын келечеги жана мындан аркы өнүктүрүү пландары белгиленди.

Банк Башкармасы иш-аракеттин оң натыйжаларын жана бир кыйла натыйжалуу аймактык бөлүмдөрдү белгилеп кетти.

Санариптештирүү, нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү, калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу жана Мобилдүү банкинг аркылуу аралыктан банктык тейлөө кызматтарын кеңири алкакта көрсөтүү иштеринде Банктын жигердүүлүк менен иштөөсүн улантууга да көңүл бурулду.

Мындан тышкары, аймактарды өнүктүрүүгө, банктык кызматтарды көрсөтүү тармагын кеңейтүүгө, анын ичинде, мамлекеттик колдоо багытындагы продуктыларды кирешелүү пайдаланууга өзгөчө көңүл бурулду.

Жыйындын соңунда Банктын аймактардагы филиалдарынын директорлоруна Кыргызстан банктар бирикмесинин сыйлыктарын салтанаттуу тапшыруу аземи болуп өттү, ошондой эле 2022-жылдын 1-чейрегиндеги иштин жыйынтыгы боюнча Банк Башкармасы тарабынан Мурас филиалы, Жайыл филиалы, Ош Центр филиалы, Ат-Башы жана Ак-Талаа филиалдары тиешелүү сыйлыктарга татыктуу болушту.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>