Капчинин мааниси туура эмес ↓
02.08.2022

«РСК Банк» ААК менен «Газпромбанк» АК кызматташуу келишимине кол коюшту

«РСК Банк» ААК менен «Газпромбанк» АК кызматташуу келишимине кол коюшту

2022-жылдын 29-июлунда «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар системасында контракттарды банктык коштоо» мамлекеттик долбоорунун чегинде «РСК Банк» ААК менен «Газпромбанк» АКнун ортосунда кызматташуу келишимине салтанаттуу түрдө кол коюу иш-чарасы өткөрүлдү.

Бул иш-чарага «РСК Банк» ААКнун Башкармасынын Төрагасынын биринчи орун басары Акылбек Турдалиев жана «Газпромбанк» АКнун аткаруучу вице-президенти Олег Мельников катышты.

- Бүгүн бизде тарыхый күн – Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар системасында контракттарды банктык коштоо» ири долбоорунун башталышы. Аны ишке ашыруу каражаттарды максаттуу пайдаланууга, мамлекеттик объектилердин ийгиликтүү курулушуна оң таасирин тийгизет, - деп ишенемин. Бул долбоор аркылуу иш жүзүндө жемиштүү натыйжаларга ээ болорубузга үмүт артабыз, - деп белгиледи А.Турдалиев аталган иш-чарада.

Урматтуу кардарлар, долбоордун иштей башташы тууралуу биз сиздерге убагында маалымдап турабыз.

РСК Банк - кеңири мүмкүнчүлүктөр!

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>