Капчинин мааниси туура эмес ↓
22.03.2023

"РСК Банктын" банкоматы Сары-Могол айылына коюлду

"РСК Банктын" банкоматы Сары-Могол айылына коюлду

"РСК Банктын" банкоматы Ош областынын Сары-Могол айылында.
Сары-Могол Талдык ашуунун артындагы алыскы жерде, деңиз деңгээлинен 3 616 метр бийиктикте жайгашкан. Банкомат акча үчүн борборго барууга аргасыз болгон Чон Алай районундагы Кашка-Суу айыл өкмөттүн жана Алай районун 3 айыл өкмөттөрүнүн тургундарынын көйгөйүн чечет.
Ачылыш аземге жергиликтүү администрациянын өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары жана айыл тургундары катышты.
– Бир караганда банкоматтын ачылышы анча деле маанилүү эместей көрүнүшү мүмкүн, – дейт банктын Гүлчө филиалынын директору Айнура Алымкулова. - Анткен менен аймактын тургундары үчүн банкоматтын маанисин жана зарылдыгын ашыкча баалоо кыйын. Эми Сары-Моголдун жашоочулары Гүлчө айылына накталай акча үчүн барып, бир күн кечке ошол жерде өткөрбөй калышат.
Белгилей кетсек, “РСК Банк” өлкөнүн чек арага жакын жайгашкан айылдарындагы калктын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурат. Ал эми бул үчүн республиканын бардык аймактарында жаңы филиалдарды ачып, банкоматтарды орнотуп жатат.
 
 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>