06.07.2023
Россиядагы кыргызстандыктар үчүн «Сбербанк Онлайн” аркылуу “РСК Банктын” карталарына акысыз ыкчам которуулар
«РСК Банк» ААК банктын карталарына «СберБанк Онлайн» тиркемеси аркылуу Россия Федерациясынан Кыргызстанга ыкчам которуу кызматын ишке киргизди.
Кызматты киргизүүнүн максаты Орусияда иштеп жүргөн Кыргызстандын жарандары үчүн акча которууларды жеңилдетүү болгон.
Эми «СберБанк Онлайн» колдонуучулары бир нече баскыч менен алуучунун төлөм картасына байланышкан телефон номерин киргизип, оңой жана тез акча жөнөтө алышат.
Кантип которуу керек?
- “Сбербанк Онлайн” тиркемесинде “Төлөмдөр” бөлүмүн тандаңыз -> “Башка өлкөгө” -> Кыргызстан;
- “Картага же эсепке”;
- Төлөм картасына байланышкан алуучунун телефон номерин киргизиңиз (+996 хххххххх);
- "РСК Банкты" басыңыз;
- Керектүү продуктуну тандап, сумманы киргизиңиз;
- Алуучунун реквизиттерин текшерип, төлөмдү ырастаңыз.
Акча түздөн-түз картага түшөт. Каражаттарды RSK24 мобилдик банкингден текшерсе болот.
Кызмат - комиссиясыз.
Бул кызмат «РСК Банктын» бардык карталарын ээлерине жеткиликтүү.
/* Кнопки поделиться */?>