Капчинин мааниси туура эмес ↓
31.10.2022

«РСК Банктын» Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү - 2022 алкагындагы иш-чаралары

«РСК Банктын» Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү - 2022 алкагындагы иш-чаралары

Кыргызстанда 24-октябрдан 31-октябрга чейин өткөн Бүткүл дүйнөлүк жыйым топтоо күнү - 2022 алкагында «РСК Банк» ААК бир катар иш-чараларды өткөрдү.

Банктын Ош, Ысык-Көл жана Жалал-Абад филиалдары мектеп окуучулары жана студенттер үчүн экскурсия өткөрүштү. Балдарга банктын иштөө процесси көрсөтүлүп, банкноттор тууралуу кызыктуу фактылар менен бөлүшүп, депозиттер тууралуу айтып, бардык суроолорго жооп беришти.

Окуучуларына катышкандыгы жана активдүүлүгү үчүн банктын сувенирлери тапшырылды.

Мындан тышкары, банк социалдык тармактарда викторина өткөрдү, анын жеңүүчүлөрү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Нумизматикалык музейине экскурсия уюштурулду.

Музейде топко улуттук валюта – кыргыз сомунун тарыхы айтылды, аларга уникалдуу тыйындар, алтын куймалар жана башка көптөгөн нерселер көрсөтүлдү. Андан сырткары «РСК Банктын» атынан жеңүүчүлөргө белектер тапшырылды

Экскурсияны уюштурууга жардам бергени үчүн Улуттук банкка ыраазычылык билдиребиз.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>