Капчинин мааниси туура эмес ↓
19.12.2022

Баткен облусунда сактык кассасы ачылды

Баткен облусунда сактык кассасы ачылды

Баткен облусун колдоо жана калктын финансылык кызмат көрсөтүүлөргө жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында "РСК Банк" Кулунду айылында сактык кассасын ачты!
Бөлүмдүн салтанаттуу ачылышы бүгүн болду. Иш-чарага «РСК Банк» ААК Башкармалыгынын төрагасы Букуев К.Д., Жогорку Кеңештин депутаты Темирбаева М.О., Лейлек районунун акими Рахманкулов А.Р. жана башкалар катышты.
Бөлүмдө банктык кызматтардын бардык спектрин (төлөм карталарын, депозиттерди ачуу, кредиттерди берүү, мамлекеттик бюджетке төлөмдөр, ички жана эл аралык которуулар жана башкалар) ала аласыздар.
Иш убактысы:
  • кардарларды тейлөө дүйшөмбүдөн жумага чейин: 09.00 - 15.30;
  • түшкү тыныгуу: 12.00 - 13.00;
  • ишемби, жекшемби - дем алыш күндөрү.
Дареги: Баткен областы, Кулунду айылы, көч. К.Ниязматов, 23.
 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>