Капчинин мааниси туура эмес ↓
19.05.2020

Кыргызстан Банктар Бирлиги РСК Банктын кызматкерлерине сыйлык тапшырды

Кыргызстан Банктар Бирлиги РСК Банктын кызматкерлерине сыйлык тапшырды

18-май күнү «РСК Банк» ААКнун мыкты кызматкерлерин сыйлоо аземи болуп өттү жана анда Банктын 30 кызматкерине Кыргызстан Банктар Бирлигинин (КББ) сыйлыктары тапшырылды.

Банктын Төрагасынын орун басары Жакыпова Айчүрөк "Кыргызстан Банктар Бирлигинин мыктысы" төш белгиси менен сыйланды.

КББ Ардак грамоталарына төмөндөгү кызматкерлери ээ болушту:

- Директорлор кеңешинин төрагасы Бекболотов Д.;

- Башкарманын Төрагасынын биринчи орун басары Шамкеев У.;

- Административдик-чарбалык бөлүмдүн башчысы Кутманова Б.;

- Юридика департаментинин башчысы Джусупов А.;

Сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы  Артыков М.

Банктын калган кызматкерлери ыраазычылык кат менен сыйланышты.

Сыйлыктарды тапшыруу аземине Башкарманын Төрагасы Азизбек Оморкулов жана КББ президенти Анвар Абдраев катышышты.

А. Абдраев сыйлыктарды тапшырып жатып, РСК Банк өлкө үчүн эң оор мезгилде жигердүү иштеп, калкка каржылык тейлөө кызматтарын үзгүлтүксүз көрсөтүп жаткандыгын баса белгиледи.

"Банк кызматкерлери катардагы эле адамдар, бирок, тобокелдиктерге карабастан, алар Кыргызстандын эң алыскы аймактарынада калкыбызга кызмат көрсөтүп жатышты" - деди ал.

КББ Президенти банктын кызматкерлерине алардын эмгектери жана кесипкөйлүк сапаттары үчүн алкыш айтты.

Кесиптештерибизди жетишкендиктери менен куттуктайбыз жана иштерине мындан ары дагы ийгиликтерди каалайбыз!

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>