21.12.2021
Банктар аралык бирикмесинин алкагында онлайн семинар
Бүгүн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) Банктар аралык бирикмесинин (БАБ) бул уюмга мүчө өлкөлөрдүн экономикасы үчүн пандемиянын кесепеттерин жоюу багытында тажрыйба алмашуу максатында онлайн-семинары өткөрүлүп жатат.
Семинарда “жашыл” каржылоо рыногун өнүктүрүү, пандемия шартында экспортту колдоо жана башка маселелер талкууланууда.
«РСК Банк» ААК ШКУнун БАБ мүчөсү болуп саналат жана бул кызматташтыктын алкагындагы иш-чараларга активдүү катышып турарын эске сала кетебиз.
Мындан тышкары, Россия, Кытай, Пакистан, Индия, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын ири банктары БАБга мүчө болуп саналышат.
/* Кнопки поделиться */?>