Капчинин мааниси туура эмес ↓
30.03.2023

«РСК Банк» ААК Башкармасынын жылдык кеңейтилген отуруму болуп өттү

«РСК Банк» ААК Башкармасынын жылдык кеңейтилген отуруму болуп өттү

Өткөн ишембиде «РСК Банк» ААК Директорлор Кеңешинин катышуусунда Банк Башкармасынын жылдык кеңейтилген отуруму болуп өттү. Отурумга бөлүмдөрдүн жетекчилери жана филиалдардын директорлору дагы катышты.

Отурумда 2022-жылдын жыйынтыгы чыгарылып, 2023-жылга банктын келечеги жана мындан аркы өнүктүрүү пландары белгиленди.

Банк Башкармасы аймактык бөлүмдөрдүн иш-аракетиндеги оң натыйжаларды белгилеп кетти.

Аталган жыйында банк тутумдарын жана учурдагы санариптик кызматтарды модернизациялоо үчүн IT-блокту өнүктүрүү жана өркүндөтүү, ошондой эле жаңы программалык модулдарды иштеп чыгуу боюнча банктын пландарына өзгөчө көңүл бурулду. 

Ошондой эле, төмөндөгү багыттар боюнча ишти жигердүү улантуу чечими кабыл алынды:

🔹тейлөө кызматтарын санариптештирүү: банктын маалыматтык системаларын чыңдоо жана жаңылоо;

🔹нак эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү;

🔹насыя продуктылардын санын көбөйтүү жолу менен аймактарды өнүктүрүү;

🔹ESG-принциптерин ишке ашыруу;

🔹кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу;

🔹RSK24 мобилдүү банкинг аркылуу аралыктан банктык тейлөө кызматтарын кеңири алкакта көрсөтүү.

 

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>