Капчинин мааниси туура эмес ↓
19.08.2020

"РСК БАНК" ААК өкүлдөрү Ош шаарынын мэриясындагы иш-чарада

"РСК БАНК" ААК өкүлдөрү Ош шаарынын мэриясындагы иш-чарада

Бүгүн "РСК Банк" ААКнун Ош шаарындагы филиалынын жана "Ош-Борбор" филиалынын өкүлдөрү Ош шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган жыйынга катышышты.

Бул иш-чаранын максаты аймактардагы ишкерлерди "Ишкердик субъекттерди каржылоо" мамлекеттик кредиттик өнүмү (продукт) менен тааныштыруу.

Эске салсак,  бул программа COVID-19 коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен жабыр тарткан жеке ишкерлерге, чакан жана орто ишкердик субъекттерге, ири бизнес субъекттерине мамлекеттик каржылык колдоо көрсөтүү үчун иштелип чыккан.

Бул программанын алкагында Банк төмөнкү багыттар боюнча кедит менен камсыздоону ишке ашырууда:

- ресторан бизнесин кошпогондо, туризм тармагы;

- жеңил өнөр жайы;

- фармацевтикалык өнөр жайы жана өндүрүшү;

- жүк ташуу менен алектенген субъекттер;

- өндүрүштүк жана кайра иштетүүчү ишканалар (кластердик ыкмага негизделүү менен аймактык экономикага натыйжалуу таасир этүү аркылуу);

-тоо-кен өнөр жайы ишканаларын кошпогондо, иргөө өнөр жайы ишканалары;

- салыктык жол-жоболорду санариптештирүү компоненттерин колдонгон чакан жана ири ишканалар.

 

 

 

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>