Капчинин мааниси туура эмес ↓
24.07.2023

«РСК Банк» Ысык-Көлдүн жээгин таштандыдан тазалоону улантууда!

«РСК Банк» Ысык-Көлдүн жээгин таштандыдан тазалоону улантууда!

«РСК Банк» өзүнүн 27 жылдык мааракесине карата Балыкчы, Чолпон-Ата жана Корумду шаарларынын администрацияларына шаардык пляждарга орнотуу үчүн сорттоочу урналарды белекке берди. Бул колдоо Ысык-Көлдүн жээгиндеги стихиялуу таштандылар маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүү максатында берилди.

Ошондой эле, банктын башкы офисинин, Чолпон-Ата жана Түп филиалдарынын жамааттары КР ӨКМ менен биргеликте Корумду айылынын пляжында масштабдуу коомдук ишке катышты.

Биздин кесиптештер пляжды жана жээкке жакын аймакты таштандылардан, ал эми суучулдар Ысык-Көлдүн түбүн тазалашты.

Эске салсак, бул «РСК Банктын» жана ӨКМнин кызматкерлеринин катышуусундагы экинчи ишембилик. Буга чейин мындай иш-чара Балыкчы шаарындагы көл жээгинде уюштурулган.

Белгилей кетсек, көлдү тазалоо иштери «РСК Банк» тарабынан ишке ашырылып жаткан ESG стратегиясынын алкагында жүргүзүлүүдө.

 

 

 

 

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>