Капчинин мааниси туура эмес ↓
15.03.2023

"РСК Банк" Азия-Тынч океан чемпионатына колдоо көрсөттү

"РСК Банк" Азия-Тынч океан чемпионатына колдоо көрсөттү

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын спортко жетүүсүн камсыз кылуу, алардын спорттук иш-чараларга активдүү катышуусу «РСК Банктын» туруктуу өнүгүүнүн алкагындагы ишинин маанилүү факторлорунун бири болуп саналат.
Банк жыл сайын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ар кандай иш-чараларды колдоо көрсөтүп, бул багытта жогорку жоопкерчиликти көрсөтүп келет.
Март айынын башында Кыргызстанда биринчи жолу өткөн дүлөйлөр арасында Азия-Тынч океан чемпионатына колдоо көрсөткөнбүз.
Дүлөйлөр жана начар уккандар арасында эл аралык чемпионат спорттун төрт түрү боюнча өттү: таэквондо, дзюдо, грек-рим күрөшү жана эркин күрөш. Аларга тогуз өлкөдөн 300 спортчу катышты.
Кыргыз спортчулары бардык түрлөрү боюнча мыкты жыйынтыктарды көрсөтүп, грек-рим жана эркин күрөш боюнча тогуз алтын медалга ээ болушту.
Бардык спортчуларды куттуктайбыз!
 
 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>