Капчинин мааниси туура эмес ↓
12.10.2020

Маанилүү маалымат

Маанилүү маалымат

Урматтуу кардарлар!

2020-жылдын 13-октябрынан тарта SWIFT системасы жана альтернативдүү байланыш каналдары боюнча чек аралар аркылуу жүргүзүлүүчү операциялар иштей баштайт. 

Бардык келүүчү төлөмдөр чектөөсүз кабыл алынат. 

Чек аралар аркылуу чыгуучу төлөмдөр төмөнкү операциялар боюнча чектөөсүз жүргүзүлөт: 

- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын кардарларынын (юридикалык жактар, жеке ишкерлер, дыйкан жана фермердик чарбалар) товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн эсептешүүлөрдү жүргүзүү боюнча мурда түзүлгөн жана банктарга берилген контракттар боюнча операциялары. Мында төлөмдөрдүн суммасы ошол кардарга мүнөздүү болгон орточо деңгээлден ашпоого, ал эми контракттар/келишимдер кардардын кадимки иш-аракетине таандык болууга тийиш; 

-  контрагенттер менен аягына чыгарылбаган валюталык бүтүмдөр, өтүмдүүлүктү (ликвидность)  жана/же валюта позициясын, анын ичинде, своп-операцияларын тескөө максатында, ошондой эле, активдерди алмашууга байланыштуу чет өлкө валютасын өз атынан сатып алуу/сатуу операциялары боюнча;  

- эл аралык төлөм системалары боюнча өз ара эсептешүүлөрдү жүргүзүү операциялары боюнча;  

- Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын резидент эмес банктардагы ностро-эсептерин толуктоо боюнча;  

- эл аралык уюмдардан алынган кредиттерди жана алар боюнча кошуп эсептелген пайыздарды төлөө операциялары боюнча; 

- банкта тейленген банк эмес финансы-кредит уюмдарынан акча которууну ишке ашыруу операциялары боюнча; 

- мурда чыгарылган аккредитивдерди жана банктык кепилдиктерди соодалык каржылоо бүтүмдөрү боюнча банктын милдеттенмелерине тиешелүү операциялар боюнча; 

- банктардын иш-аракетин камсыз кылууга зарыл операциялар боюнча; 

- эл аралык уюмдардын жана башка мамлекеттердин  дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн тапшырмалары боюнча операциялар боюнча; 

- жеке адамдардын коммерциялык максаттарды камтыбаган 5 000 АКШ долларына чейинки өлчөмдө же дарыланууну, жашап турууга, окууга жана алимент төлөө үчүн башка чет өлкө валютасы (бир аптада) эквивалентиндеги акча которуулар боюнча. 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>