12.03.2020
МААНИЛҮҮ ЖАҢЫЛЫК! Техникалык жумуштар
Урматтуу кардарлар!
«РСК Банк» ААК, профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө байланыштуу, 2020-жылдын 14-15-март күндөрү Банктын бөлүмдөрүндө кардарлар тейленбей тургандыгын сиздерге маалымдайт.
Андан тышкары 13-мартынан 14-мартына караган түнү саат 23.00дөн тартып кийинки күнкү саат 12.00гө чейин техникалык иштерге байланыштуу төмөндөгү тейлөө кызматтары жеткиликтүү болбой турганын маалымдайт:
- Интернет / мобилдүү банкинг;
- Карталар менен операциялар (Элкарт, Visa, MasterCard, Алай кард);
- Юнистрим, Контакт төлөм системалары.
Бул күндөру пландалган баардык операцияларды алдынө ала жасап кетүүңүздөрдү суранабыз.
Ыңгайсыздыктар үчүн сиздерден кечирим сурайбыз!
/* Кнопки поделиться */?>