Капчинин мааниси туура эмес ↓
07.09.2020

Маанилұұ маалымат

Маанилұұ маалымат

Урматтуу кардарлар!

«РСК Банк» ААК Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоодо саясий партиялардын шайлоо фондуларынын атайын эсептерин тейлөө боюнча ыйгарым укуктуу банк катары аныкталган.

Чет өлкөлөрдө жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары белгилүү бир саясий партиянын шайлоо фонддоруна өз ыктыярлары менен акча каражаттарын сала турган болушса, аталган операцияны РСК Банк аркылуу жүргүзүшсө болот.

Чет өлкө валютасында которулган акча каражаттары (Банктын алмашуу курсуна ылайык) конвертацияланат- алмашылат жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун  атайын эсептерине улуттук валютада чегерилет. Эсептердин реквизиттерин фракциялардын өздөрүнөн алсаңыздар болот.

Мындай учурларда которуу ачык-айкын жүргүзүлүп жана шайлоо жөнүндөгү мыйзамдардын талаптарына ылайык келиши шарт. Бул максатта сиз өзүңүздүн фамилияңызды, атыңызды жана атаңыздын атын, туулган күнүңүздү, жашаган жериңиздин дарегин (каттоого турган), ID паспорт /жалпы жарандык паспортуңуздун сериясын жана номерин, эсебиңиздин номерин жана  саясий партиянын аталышын, ошондой эле, жеке маалыматтар жана банктык сыр тууралуу мыйзамдардын аткарылышын камсыздоо максатында БШКнын расмий сайтына жарыялоого макулдугуңузду беришиңиз зарыл.

Пайда болгон бардык суроолор боюнча Банктын байланыш-борборуна төмөндөгү телефондор аркылуу кайрылсаңыздар болот: 0312 / 0552 / 0706 / 0775 911 111.

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>