23.12.2021
Кардарлар үчүн маанилүү маалымат
Урматтуу кардарлар!
«РСК Банк» ААК сиздерди келе жаткан Жаңы 2022-жылыңыздар менен куттуктайт жана бардык жакшы ой-тилектердин орундалышын каалайт!
Финансылык жылдын аякташына байланыштуу жана Кыргыз Республикасынын бюджетине, ошондой эле башка банктарда эсеп ачышкан алуучулардын эсебине төлөмдөрдү өз убагында чегерүү максатында, өтүп бара жаткан 2021-жыл камтылууга тийиш болгон бардык пландаштырылган төлөмдөрдү 2021-жылдын 29-декабрына чейин төлөп коюңуздарды сунуштайбыз.
Төлөмдөрдү жүргүзүүдө бул маалыматты эске алууңуздарды жана төлөмдөрдү өтүп бара жаткан жылдын акыркы күндөрүнө калтырбооңуздарды суранабыз.
/* Кнопки поделиться */?>