Капчинин мааниси туура эмес ↓
24.03.2021

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун финансылык мекемелеринин жетекчилери менен жолугушуусу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун финансылык мекемелеринин жетекчилери менен жолугушуусу

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун өлкөбүздүн финансы институттарынын жетекчилери, анын ичинде, "РСК Банк" ААК Башкармасынын Төрагасы Азизбек Оморкулов менен жолугушуусу болуп өттү.

Президент Садыр Жапаров өткөн жылы өлкөбүздөгү социалдык-экономикалык оор кырдаалга карабастан, бүтүндөй алганда, банк тутумунда салыштырмалуу туруктуулук болгонун баса белгиледи.

2020-жылы РСК Банк жалпы суммасы 11,6 миллиард сомдон ашык суммага 10 601 кредит берген, бул 2019-жылдагыга салыштырмалуу 3,2 миллиард сомго же 37,9% га көп.

Президент, ошондой эле,  2021-жылдын 8-февралында жарыяланган Кыргыз Республикасынын Президентинин «Финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыгын жүзөгө ашыруунун чегинде финансы рыногун мындан ары өнүктүрүү,  аны санариптештирүү процессин тездетүү, жарандарга жана ишкерлерге финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү, санарип банктык кызмат көрсөтүүлөрдү кеңейтүү өзгөчө олуттуу экендигине  токтолуп кетти.

Жолугушууда 2021-жылы өлкөбүздүн финансы институттарынын иш-аракети  санарип банктык тейлөө кызматтарын кеңейтүүгө багыт алары баса белгиленди.

РСК Банк - кеңири мүмкүнчүлүктөр!

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>