Капчинин мааниси туура эмес ↓
15.01.2020

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ФИНАНСЫЛЫК ИНСТИТУТТАРДЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИН КАБЫЛ АЛДЫ.

 

 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, финансылык институттардын жетекчилери менен жыл сайын жолугушуу иш-чарасынын чегинде, 2020-жылдын 14-январында «РСК Банк» ААК Башкармасынын Төрагасы Азизбек Оморкуловду кабыл алды.

Мамлекет башчысы менен жолугушуу учурунда Банктын кайра иштетүү, өнөр жай, кийим тигүү-текстил жана айыл чарбасы тармактарындагы долбоорлорду колдоо жана каржылоо сыяктуу артыкчылык берилген  багыттары, ошондой эле,  аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү маселеси талкууга алынды.

Президент Сооронбай Жээнбеков, өз кезегинде, экспорт дараметин көтөрүү, көрсөтүлгөн багыттарды колдоо аймактарда жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ички миграцияны төмөндөтүүгө  көмөк болорун белгиледи.

«РСК Банк» ААК Башкармасынын төрагасы Азизбек Оморкулов өткөн жылдын жыйынтыктары жана жакынкы пландар тууралуу айтып берди. Алсак, Банк тарабынан 2019-жылы  8,43 млрд. сом суммасында 10 335 ашуун кредит берилген. Натыйжада, Банктын кредит куржуну 2019-жылдын соңуна карата 14,5 млрд. сомду түзгөн. Төрага бул ресурстардын көпчүлүк бөлүгү өлкөбүздүн аймактарына багытталганын жана 2018-жылдагыга салыштырмалуу  өсүш 20%дан жогору болгонуна токтолду.

2019-жылдын башынан бери эле аймактарды каржылоо Банк үчүн артыкчылыктуу багыт  катары  тандалып алынган. Иш-аракеттердин негизги түрлөрү -  бул айыл чарба, айыл чарба азыктарын кайра иштетүү жана соода. Каражаттар азыктарды өндүрүп жана карай иштетип чыгаруу көлөмдөрүн көбөйтүүгө, жаңы өндүрүш иштерин жайылтууга, иштей турган аянттарды курууга жана булардын натыйжасы катары  жумуш орундарынын санын көбөйтүүгө жумшалган.

Төрага, ошондой эле, банктык иш-аракетти активдүүлүк менен санариптештирүү жана  бардык тейлөө кызматтарын  санарип форматына  өткөрүү туруктуу негизде  жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Азыркы учурда  RSK24 мобилдик банкингдин пайдалануучулары 400дөн ашуун, анын ичинде, мамлекеттик төлөмдөр үчүн төлөй алышат. Мындан тышкары, өлкөбүздүн кайсы гана болбосун аймагында  банктык сервистен  пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө багытталган долбоорлор ишке ашырылууда. Мисалы катары атай кетсек,  алыскы айыл жерлеринде Банктын pos-терминалдары аркылуу төлөм карталары менен каражаттарды төлөөгө,  ошондой эле  жер салыгы жана электр энергиясы үчүн төлөөгө шарт түзгөн долбоор. Долбоорго 614 калктуу пункт камтылган.

Аптанын 7 күнүндө  24 саат бою (7/24) ар кандай төлөмдөрдү нак эмес түрдө  төлөөгө мүмкүндүк берген банкоматтар жана pos-терминалдар паркы  туруктуу негизге көбөйүүдө.

Банк тарабынан 2020-жылы дагы чакан жана орто ишкердикти колдоо, анын ичинде, Кыргызстандын  областтарында  ишкердик  дараметин  өнүктүрүүгө  багытталган кредиттөөнүн Ислам принциптеринин шарттарында  жаңы жеңилдик программаларын  иштеп чыгуу жана тейлөө  кызматтарын санариптештирүү иштери улантылат.

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>