РСК Банктан HYUNDAI ACCENT автомобиль утуп алыңыз!
РСК Банктын Mastercard карталары аркылуу төлөп, баалуу белектердин жана Hyundai Accent автомашинасынын ээси болуңуз!
2020-жылдын 10-августунан тарта "Сиздин жаңы автомобиль" аттуу ири акция башталгандыгын кубануу менен билдиребиз. Утуш оюндун шарттары өтө жөнөкөй: акция учурунда Mastercard карталары аркылуу сатып алган товарлар жана көрсөтүлгөн тейлөө кызматтары үчүн төлөп туруңуз.
Ким көп төлөгөн болсо (200 операциядан-төлөмдөн кем эмес) ошол адам баш байгеге болот: бир төлөгөндөгү минималдуу сумма 500 сомдон кем эмес.
Дагы бир кызыгы, акциянын 2-жана 3-бакычтарында байгелүү орундарга ээ болгон кардарлар (булар 6 адам!) Wildberries дүкөнүндө товарларды сатып алууга сертификат алышат:
- 2-орун - 400 еврого сертификат;
- 3-орун - 200 еврого сертификат.
Акция 2020-жылдын 10-августунан 2021-жылдын 31-январына чейин өткөрүлөт:
- Негизги баскыч: 2020-ж. 10.08. – 2021-ж. 31.01.
- Орто аралыкта: 1-баскыч - 2020-ж. 10.08. -2020-ж. 30.09.
2- баскыч - 2020-ж. 1.10. - 2020-ж. 30.11.
3- баскыч - 2020-ж. 01.12. - 2021-ж. 31.01.
Төмөнкү операцияларды – төлөмдөрдү аткаруу менен Акцияга катышууга болбой турганын эске тутуңуздар:
- карта-эсебинен акча каражаттарын алуу же карта-эсебине салуу.
- Банктын кассасында жана өз алдынча тейленүү түзүлмөлөрүндө жана Мобилдүү банкингде коммуналдык тейлөө кызматтарына жана башка төлөмдөргө төлөө.
- суммаларды атайылап бөлүштүрүү, мисалы: бир соода жана тейлөө түйүндөрүндөгү бир эле ошол соода түйүнүндө 2 сааттын ичинде бир нече (бирден көп) төлөмдөр ж.б. Мындай учурда негизги жана кошумча карталарды пайдалануу аркылуу жүргүзүлгөн төлөмдөргө карабастан 1 гана төлөм катары эсепке алынат.
- бир соода жана тейлөө ишканаларында бир күндө 2ден көп төлөмдөр.
Акциянын шарттары жөнүндө толук маалыматты бул жерден карап, окууга болот.
/* Кнопки поделиться */?>