Капчинин мааниси туура эмес ↓

 

Долбоордун максаты

Микро жана чакан ишкерлерди колдоо

 

Максаттуу топ

 

Патенттин/ЖИ ​​(жеке ишкер) күбөлүктүн негизинде ишкердик менен алектенген юридикалык жактар,  жеке адамдар

 

Максаттуу багыты

Карызды кайра каржылоо, керектөө максаттары менен кошо, ар кандай коммерциялык максаттар үчүн (Улуттук банктын ЧУАсына жана ИЧДге карама-каршы келбеген)

 

Каржылоо булактары

«РСК Банк» ААК өздүк каражаттары

 

  Кредит акчасы

- Кыргыз cому

 

Кредиттин суммасы

10 000 сомдон 250 000 сомго чейин (Овердрафт жана кредиттик карталарды кошкондо 300 000 сомдон ашпаган)

 

Кредиттин  мөөнөтү

Банктын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген пайыздык чендердин шкаласына жана мөөнөттөрүнө ылайык

 

Пайыздык чен

Банктын ыйгарым укуктуу органы тарабынан бекитилген пайыздык чендердин шкаласына жана мөөнөттөрүнө ылайык

 

Камсыздоо

 

- 10 000 сомдон 150 000 сомго чейин - кепилдиксиз жана күрөөсүз;

- 150 001 сомдон 250 000 сомго чейин (кошо алганда) - 1 адамдын кепилдиги жана/же кыймылдуу мүлк жана/же акча каражаттары түрүндө күрөө (ипотека).

 

 

 

Төлөө булагы

Ишкердиктен  табылган киреше

 

Төлөө графиги

Негиздер бар болсо, ай сайын аннуитет шартында төлөмдөр менен, ийкемдүү график (кредит боюнча пайыздарды ай сайын, негизги карызды төлөө – (чейрек (квартал) сайын)

 

«Ишеним» КИБ суроо-талабы боюнча чыгашалар

 

 - ар бир жактырылып, бекитилген кредит үчүн Кредиттик маалымат бюросу (КМБ) кызматтары үчүн 90 сом;

 

 

Айып пулдар жана санкциялар

1) График боюнча төлөө, эгерде, иш күнүнө туура келсе, анда туум пайыздар төлөнгөн датадан кийинки күндөн тартып жылдык номиналдык пайыздык чен боюнча эсептелет. График боюнча төлөө, эгерде, дем алыш же майрам күндөрүнө туура келсе, туумду эсептөө 2-жумуш күндөн башталат.

    Туумдун өлчөмү:

- жеке адамдар ​​үчүн - мөөнөтү өтүп кеткен күндөрдүн санына жараша, мөөнөтү өтүп кеткен суммага бир номиналдык пайыздык чен өлчөмүндөгү % чен.

- юридикалык жактар ​​үчүн - мөөнөтү өтүп кеткен күндөрдүн санына жараша, мөөнөтү өтүп кеткен суммага эки эселенген номиналдык пайыздык чен өлчөмүндөгү % чен.

2)    Кредитти жарым-жартылай/толук мөөнөтүнөн мурда төлөө - комиссиясыз.

3)    Кредит максатсыз пайдаланылган учурда, кредиттин суммасынан 5% өлчөмүндө айып пул жана/же билдирүү тапшырылган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде кредитти мөөнөтүнөн мурда толук төлөө.

4)    При нецелевом использовании кредита штраф в размере 5% от суммы кредита и/или полное досрочное погашение кредита.

 

Кредиттөө субъектине карата өзгөчө талаптар

1) Күбөлүктүн же ыктыярдуу патенттин негизинде иштеген жеке ишкерлер (учурда иштеп жаткан, ошондой эле Банкка билдирме берген датага карата абал боюнча 3-12 айдан кем эмес иштеген резиденттер)

2) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык иштеп жатышкан юридикалык жактар ​​(Банкка билдирме берген датага карата абал боюнча 3-12 айдан кем эмес иштеген резиденттер).

 

 

Кредитке мониторинг

Кредиттерге банктын ички ченемдик документтерине ылайык мониторинг жүргүзүү

 

Кошумча шарттар

1) Карыз алуучуда акыркы 36 ай ичинде мурда пайдаланылган кредиттер боюнча төлөнбөй калгандардын саны 3 (үч) эседен ашпоого тийиш, ал эми мөөнөтү өтүп кеткен күндөрдүн саны жалпысынан 60 күндөн ашпоого тийиш (жүйөлүү себеп болсо). Эгерде 60 күндөн ашык кечиктирүүлөр болсо, кредитти берүү берилген ыйгарым укуктарга ылайык БОБ (ГОПУ) КК, ЧОИ (МСБ)/КК4/КК5 тарабынан каралат.

2) Эгерде карыз алуучунун атына «РСК Банк» ААКда Овердрафт жана/же Кредиттик карта болсо, күрөөсүз кредиттердин бардык түрлөрү боюнча жалпы карыз 300 000 сомдон ашпоого тийиш.

 

Документтердин тизмеси

1. Карыз алуучунун жана жубайлардын паспортунун көчүрмөсү, жеке маалыматтар (Түндүк) жөнүндө маалымат алууга (макулдугу);

2. Карыз алуучунун жубайы боюнча нике/ажырашуу/ каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, жеке маалыматтар (Түндүк) жөнүндө маалымат алууга (макулдугу);

3. Кепилдик берүүчүнүн/күрөө берүүчүнүн жана жубайынын паспортунун көчүрмөсү, Кепилдик берүүчүнүн/күрөө берүүчүнүн жана алардын жубайлары боюнча нике тууралуу күбөлүк/ажырашуу/каза болгондугу жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү, жеке маалыматтар (Тундук) жөнүндө маалымат алууга (макулдугу);

4. Ишкердик менен алектенүүгө уруксат берүүчү документтин, социалдык камсыздандыруу жөнүндө документтин көчүрмөлөрү

- Түп нускалары жоголгон учурда ишкердикти же социалдык камсыздандырууну тастыктоочу мамлекеттик органдардан башка документтер.

5. Кепилдик берүүчүнүн төлөөгө жөндөмдүүлүгүн ырастоочу документтер.

 

Юридикалык жактар ​​үчүн:

6. Карыз алуучу катары юридикалык жак үчүн уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрү (Устав, мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүк, уюштуруу келишими, уюштуруучулардын жана директордун паспорттору, ЖЧКны түзүү жана директорду дайындоо жөнүндө чечим)

7. Кредитке билдирме берилген күнү карыздын жоктугу боюнча Салык кызматынан жана Социалдык фонддон маалымкат.

8. Башка банктардан отчеттук жыл үчүн эсептешүү эсептери боюнча көчүрмөлөр - электрондук түрдө дагы болот.

9. Отчеттук мезгил үчүн статьяларды толук көрсөтүү менен акыркы 2 (эки) жылдагы башкаруу (колдогу чыныгы маалыматтар)  финансылык отчет (Баланс, Пайда жана чыгымдар жөнүндө отчет – айлар боюнча кеңири, Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет - айлар боюнча кеңири).

10. Акыркы 2 (эки) жыл үчүн расмий финансылык отчет: Баланс, Пайда жана чыгымдар жөнүндө отчет, Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет.

11. Ишкердик тууралуу документтер (Кредиттин максатын толук баяндоо менен бизнес-план, талдоо-аналитика, Курулуш сметасы, Беррүүчүлөр жана сатып алуучулар менен түзүлгөн келишимдер, контракттар, ж.б.).

 

Жактырууну кабыл алган орган

 

Белгиленген чектерде жана ыйгарым укуктарда Кредиттик комитеттер жана ыйгарым укуктуу адамдар

 

КК1/КК2 стандарттык шарттарды өзгөртүүгө негиздер/себептер болсо, КК тарабынан бекитилген пайыздык чендерди/шарттарды кошпогондо, продуктунун жогоруда көрсөтүлгөн шарттардын кайсынысын болсун өзгөртүүгө укуктуу.

 

 

 

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>