Капчинин мааниси туура эмес ↓

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 8-февралындагы № 25 "Кыргыз Республикасынын агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана жеңилдетилген кредиттөө, лизингге берүү жана анын ичинде ислам принциптери боюнча каржылоо жолу менен: сүт, эт (бодо малдын, майда жандыктардын, канаттуулардын) балык, шекер, тоок жумурткасы, жашылчалар, жемиштер,  өсүмдүк майы, пахта, бал, дан эгиндеринин жана буурчак өсүмдүктөрүнүн агроөнөр жай кластерлерин өнүктүрүү аркылуу агрардык сектордогу чарба жүргүзгөн субъекттерди колдоого багытталган иш-чараларга дем берүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоору бектилиген (Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-мартындагы  №120-р тескемеси).

        "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорунун алкагында  Банк чарба жүргүзүүчү субъекттерге, анын ичинде, дыйкан чарбаларга, жеке ишкерлерге жана жеке адамдарга, ошондой эле агроөнөр жай кластеринин катышуучуларына Банктын жана Улуттук банктын колдонуудагы ченемдик документтерине ылайык Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген шарттарда кредиттерди берет. Буга байланыштуу Банк тарабынан өтүнмөлөрдүн электрондук онлайн журналы түзүлдү.

 

Кыска маалымат

 

А категориясы

Дыйкан чарбалары, жеке ишкерлер жана жеке адамдар 500 000 сомго чейин, күрөөсүз негизде 300 000 сомго чейин, Агрегаторлор (Кайрадан иштетип чыгаруучулар) менен келишимсиз жана контрактсыз 36 айга чейинки мөөнөткө жүгүртүү каражаттарына жана негизги каражаттарына ала алышат.

Бкатегориясы

Жылдык жүгүртүүсү 1 миллион сомдон ашкан дыйкан чарбалар (кластердик бирикменин катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде агроөнөр жай кластерлеринин мүчөлөрү. Агрегаторлордун берилген тизмеси боюнча) 5 000 000 сомго чейин, жүгүртүү каражаттарына жана негизги каражаттарга 36 айга чейинки мөөнөткө ала алышат.

Вкатегориясы

Үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомниктерин кармоочулар, ошондой эле жаңыдан түзүлгөн тамак-аш өнөр жай ишканалары (Кластердик өнүктүрүү кеңешинин сунушу боюнча) 150 000 000 сомго чейин, жүгүртүү каражаттарына жана негизги каражаттарга 60 айга чейин ала алышат.

Гкатегориясы

Айыл чарба кластеринин агрегаторлору (Кластердик бирикмелердин реестри тарабынан аныкталуучу) жүгүртүү жана негизги каражаттарына 60 айга чейинки мөөнөткө 150 000 000 сомго чейин ала алышат.

 

Продукттун паспорту

КАТЕГОРИЯЛАР

А категориясы(Дыйкан чарбалар, жеке ишкерлер жана жеке адамдар:):

 

Кредиттин суммасы

- 300 миң сомго чейин күрөөсүз негизде;

 

- 500 миң сомго чейин күрөө камсыздоосу менен;

Кредиттин мөөнөтү

- 36 айга чейин

Кредиттердин багыты

– айыл чарбаны жүргүзүү үчүн керектүү өндүрүштүк материалдарды сатып алуу;

 

– чарбанын инфратүзүмүн түзүү (жаныбарларды багуу шарттарын жакшыртуу, тоют өндүрүү, силостуу чуңкурларды, ирригация системасын (скважиналарды бургулоо, сугаруу үчүн магистралдык ирригациялык түтүктөрдү, жамгыр-тамчылатма системасын орнотуу), ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды, энергиянын альтернативдүү булактарын орнотуу, асыл тукум, үрөн ишинин, питомник чарбасынын алдыңкы технологияларын киргизүү, органиканы сертификациялоо, электр менен жабдууну камсыз кылуу, тез курулуучу кампаларды, тосмолорду ж.б. куруу);

 

-     асыл тукумду жана урукту жаңыртуу, көчөт  

      материалдарын, айыл чарба багытындагы     

жабдууларды сатып алуу;

 

- жүгүртүү каражаттарын толуктоо;

 

- кызматтарды сатып алуу.

 

Өзгөчө талаптар

-субъект айыл чарба өндүрүшү  менен алектенүүгө тийиш;

Б категориясы:  Жылдык жүгүртүүсү 1 миллион сомдон ашкан дыйкан чарбалар (кластердик бирикменин  катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимдердин негизинде агроөнөр жай кластерлеринин мүчөлөрү).

 

Кредиттин суммасы

-5 млн.сомго чейин;

Кредиттин мөөнөтү

-36 айга чейин;

Кредиттердин багыттары

 

– айыл чарбаны жүргүзүү үчүн керектүү өндүрүштүк материалдарды сатып алуу;

 

– чарбанын инфратүзүмүн түзүү (жаныбарларды багуу шарттарын жакшыртуу, тоют өндүрүү, силостуу чуңкурларды, ирригация системасын (скважиналарды бургулоо, сугаруу үчүн магистралдык ирригациялык түтүктөрдү, жамгыр-тамчылатма системасын орнотуу), ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды, энергиянын альтернативдүү булактарын орнотуу, асыл тукум, үрөн ишинин, питомник чарбасынын алдыңкы технологияларын киргизүү, органиканы сертификациялоо, электр менен жабдууну камсыз кылуу, тез курулуучу кампаларды, тосмолорду ж.б. куруу);

 

- асыл тукумду жана урукту жаңыртуу, көчөт  

   материалдарын, айыл чарба багытындагы   

     жабдууларды сатып алуу;

 

- жүгүртүү каражаттарын толуктоо;

 

- кызматтарды сатып алуу.

Өзгөчө талаптар

- субъект айыл чарба өндүрүшү  менен алектенүүгө тийиш;

-жылдык жүгүртүү 1 миллион сомдон кем эмес болушу керек;

Башка шарттар

- субъект келишимдердин негизинде агроөнөржай кластеринин катышуучусу болууга тийиш.

- агрегаторлор тарабынан берилүүчү тизмеге ылайык кластердик агрегаторлор же соода-логистикалык борборлор менен продукцияны жеткирүүгө келишимдердин милдеттү түрдө болушу;

 

– жер участогуна жеке менчик укугуна мамлекеттик актынын, айыл чарба продукциясын өндүрүүгө кирешелердин жана чыгашалардын техникалык картасынын болушу;

 

 

 - салыктар жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын жоктугу;

 

- оң кредиттик таржымалга ээ болушу керек.

 

В категориясы:  үрөнчүлүк жана асыл тукум чарбалары, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн питомниктери, ошондой эле жаңыдан түзүлгөн тамак-аш өнөр жай ишканалары (Кластерди өнүктүрүү кеңешинин сунушу боюнча).

 

Кредиттин суммасы

- 150 млн.сомго чейин;

Кредиттин мөөнөтү

-      60 айга чейин;

Кредиттердин багыттары

– айыл чарбаны жүргүзүү үчүн керектүү өндүрүштүк материалдарды сатып алуу;

 

– чарбанын инфратүзүмүн түзүү (жаныбарларды багуу шарттарын жакшыртуу, тоют өндүрүү, силостуу чуңкурларды, ирригация системасын (скважиналарды бургулоо, сугаруу үчүн магистралдык ирригациялык түтүктөрдү, жамгыр-тамчылатма системасын орнотуу), ресурстарды үнөмдөөчү технологияларды, энергиянын альтернативдүү булактарын орнотуу, асыл тукум, үрөн ишинин, питомник чарбасынын алдыңкы технологияларын киргизүү, органиканы сертификациялоо, электр менен жабдууну камсыз кылуу, тез курулуучу кампаларды, тосмолорду ж.б. куруу);

 

- асыл тукумду жана урукту жаңыртуу, көчөт  

   материалдарын, айыл чарба багытындагы  

     жабдууларды сатып алуу;

 

- жүгүртүү каражаттарын толуктоо;

 

- кызматтарды сатып алуу.

Кошумча шарттар

- субъект төмөнкү келишимдердин негизинде агроөнөр жай кластеринин мүчөсү болууга тийиш:

үрөнчүлүк, асыл тукум чарбалар үчүн

дыйкан чарбалар же соода-логистикалык борбор менен асыл тукум малды же үрөндүк материалды (өсүмдүк өстүрүү) жеткирүү боюнча келишимдер;

кластердик бирикмелердин катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимге катышуу;

– жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актынын, айыл чарба продукциясын  өндүрүү боюнча кирешелердин жана чыгашалардын техникалык картасынын болушу;

- оң кредиттик таржымалга ээ болуусу;

 

 

Агрегаторлор жоопкерчилиги чектелген коом жана акционердик коом түрүндө юридикалык жак катары катталууга тийиш.

 

 

- салыктар жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын жоктугу;

 

- оң кредиттик таржымалга ээ болуусу;

Г категориясы:Айыл чарба кластеринин агрегаторлору (Кластерди өнүктүрүү кеңешинин реестри тарабынан аныкталат).

 

Кредиттин суммасы

 150 млн. сомго чейин;

Кредиттин мөөнөтү

60 айга чейин;

Кредиттердин багыттары

- айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана таңгактоо үчүн энерго эффективдүү каражаттарды жана жабдууларды сатып алуу;

 

- инфратүзүмдү жакшыртуу (суу менен камсыздоо, скважиналарды бургулоо жана ондоо, электр менен жабдуу, энергиянын альтернативдүү булактарын киргизүү ж.б.), соода-логистикалык борборлорду түзүү;

 

- жүгүртүү каражаттарын толуктоо;

 

- дыйкан чарбалардын чийки зат менен камсыз болушунун тереңдигин өнүктүрүү жана колдоо;

 

- негизги каражаттарын толуктоо;

Негизги талаптар

- чийки зат үчүн жетишерлик чуңкурларынын  болушу -  агрегаторду айыл чарба чийки заттары (сырьесу) менен камсыз кылуучу дыйкан чарбалардын жана үй чарбалардын саны жылдык кирешеси 1 миллион сомдон ашык болгон кеминде 5 субъектен же товар жүгүртүүсү 1 миллион сомдон аз болгон 30 дыйкан чарбадан кем болбоого тийиш;

 

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Кластерлер кеңешинин негиздүү сунушунун негизинде өзгөчө учурларда жаңыдан түзүлгөн ишканаларда жана башка ишканаларда өндүрүштүк иштерде 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;

 

- салыктар жана социалдык чегерүүлөр боюнча карыздардын жоктугу;

 

- оң кредиттик таржымалынын бар болушу;

 

- жоопкерчилиги чектелген коом, акционердик коом түрүндө юридикалык жак катары катталуууда болуусу;

 

– кластердик бирикмелердин катышуучуларынын ортосунда түзүлгөн келишимге катышуусу;

 

- дистрибьюторлор же чекене соода түйүндөрү менен жеткирүү келишиминин болушу.

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>