Капчинин мааниси туура эмес ↓

"Айыл чарбасын каржылоо - 11" мамлекеттик долбоору

 

 

«Мал чарбасы»

Категориялар тууралуу маалымат

 

Бул категорияга төмөнкүлөр кирет:

 

1)    бодо малды багып, көбөйтүү;

 

2)    кой, эчки, жылкы, коён багуу;

 

3)    канаттуулар чарбасы (тоок, өрдөк, каз, төө куш, бөдөнө жана башка айыл чарба канаттуулары);

 

4)    бал аарыларын өстүрүү, анын ичинде бал жана бал момун өндүрүү;

 

5)    балык өстүрүү жана балык питомниктерин жана балык чарбаларын иштетүү;

 

     6) кыркуу пункттарды, жуундуруу ванналарды жабдуу;

 

      7) жасалма уруктандыруу үчүн жабдууларды сатып алуу.

 

 

         Асыл тукум малга төмөнкү породалар кирет:

 

1)       ири мүйүздүү мал: алатау, абердин-ангус, кара-ала (аулие-ата, голштейн), симментал, айшир, герефорд, күрөң швиц, топоздор жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен макулдашуу боюнча башка породалар;

 

2)       кой (уяң жүндүү, Тянь-Шань жарым уяң жүндүү, алай, гиссар, арашан жана меринос)  жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен макулдашуу боюнча башка породалар;

 

3)       жылкы (жаңыкыргыз, дон, орус күлүгү, таза кандуу минүүчү ат).

 

 

       Бул категориядагы чарба субъекттери ушул Долбоордун алкагында       

       бир карыз алуучуга 500,0 (Беш жүз миң) сомго чейин кредит ала алышат.

      Канаттууларды өстүрүү, балык өстүрүү, бал челектерди кармоо, асыл тукум мал сатып алуу же жасалма уруктандыруу үчүн жабдууларды сатып алуу, кыркуу пункттарды куруу жана жуундуруу ванналарды жабдууларды сатып алуу, малга тоют сатып алуу жана камдоо, кайра иштетүү жана даярдоо менен алектенген чарба жүргүзүүчү субъекттер 5,0 (Беш миллион)  сомго  чейин кредит ала алышат.

 

       Асыл тукум баалуулугу жок мал чарбачылыгы менен алектенген чарба субъекттери асыл тукум малды сатып алууга 5,0 (Беш миллион) сомго чейинки өлчөмдө жеңилдетилген кредиттерди ала алышат.

 

 

Кредиттердин  суммасы  жана мөөнөтү

Күрөөсүз кредиттер

150,0 миң сомго чейин

18 айга чейин

 

 

 

Салыктарды эсепке албаганда жылдык 6%

Негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил 6 айга чейин.

Күрөө коюлуучу кредиттер

500,0 миң сомго чейин

36 айга чейин

Мал чарбасы менен алектенген субъекттер үчүн:

 

- канаттуулар чарбасы;

 

- балык өстүрүү;

 

- аарычылык;

 

- асыл тукум малды сатып алуу;

 

- кыркуу пункттарды, ванналарды куруу жана жабдуу;

 

- жасалма уруктандыруу үчүн жабдууларды сатып алуу

 

5,0 млн.сомго чейин

60 айга чейин

 

"Өсүмдүк чарбасы"

 

Категориялар тууралуу маалымат

"Өсүмдүк чарбасы" категориясына төмөнкүлөр кирет:

 

1) дан өсүмдүктөрүн өстүрүү;

 

2) буурчак өсүмдүктөрүн өстүрүү;

 

3) техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүү;

 

4) жашылча жана бакча өсүмдүктөрүн өстүрүү;

 

5) мөмө-жемиштерди өстүрүү;

 

6) агротокой чарбасынын мөмө-жемиштерин жана питомниктерин өстүрүү;

 

7) тоют өсүмдүктөрүн өстүрүү;

 

8) сугаттын сууну үнөмдөөчү технологияларын (тамчылатып сугаруу, жаадырып сугаруу, гидропон сугаруу) колдонуу;

 

9) күнөсканаларды иштетүү;

 

10) интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүү;

 

11) пахта өстүрүү.

 

Бул категориядагы чарба жүргүзүүчү субъекттер ушул Долбоордун алкагында бир карыз алуучуга 500 000 (беш жүз миң) сомго чейин кредит ала алышат. Күнөсканаларды, интенсивдүү багбанчылык үчүн сууну үнөмдөөчү сугат технологияларын (тамчылатып сугаруу, жаадырып сугаруу, гидропоникалык сугаруу) иштеп чыгуу менен алектенген чарба субъекттери 5 000 000 (Беш миллион) сомго чейин кредит ала алышат.

 

Кредиттердин  суммасы  жана мөөнөтү

Күрөөсүз кредиттер

150,0 миң сомго чейин

 

18 айга чейин

 

Салыктарды эсепке албаганда жылына 6%

Негизги сумманы төлөө боюнча жеңилдетилген мезгил 6 айга чейин.

Күрөө коюлуучу кредиттер

500,0 миң сомго чейин

36 айга чейин

 

Өсүмдүктөрдү өстүрүүчү субъекттер үчүн: сууну үнөмдөөчү сугаруу технологиясы (тамчылатып сугаруу, жаадырып сугаруу, гидропоникалык сугаруу), күнөскана чарбасы, интенсивдүү багбанчылык.

5,0 млн сомго чейин

60 айга чейин

Артыкчылык берилиши

(Преференциялар)

Белгиленген тартипте аларга асыл тукум заводдун, асыл тукум чарбанын («Мал чарбасы» категориясы), үрөнчүлүк чарбасынын («Өсүмдүк чарбасы» категориясы) статусу ыйгарылган чарба жүргүзүүчү субъекттер кредиттөөдө артыкчылык берилген багыттар болуп саналат.

 

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>