Капчинин мааниси туура эмес ↓

"Форель балыгын багып өстүрүүнүн кластердик өнүгүүсү"

кредиттик өнүмү

 

Бирдиктүү кошумча нарк чынжырчасынын чегинде балык азыктарын өндүрүү көлөмүн жогорулатуу жана экспортту өнүктүрүү.

 

Чакан жана орто ишканаларга коюлган талаптар*

 

Чакан жана орто ишканалар (ЧОИ) төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:

 

  • ЧОИнин өткөн жылдагы дүң кирешеси 200 млн. сомдон ашпоого тийиш;

 

  • Отчеттук мезгил ичинде кызматкерлердин орточо саны 250 адамдан ашпоого тийиш;

 

  • Мамлекеттин, коомдук жана диний уюмдардын (бирикмелердин), кайрымдуулук жана башка фонддордун ЧОИ субъектинин уставдык капиталындагы үлүшү 5 пайыздан ашпоого тийиш;

 

  •  ЧОИ субьекти болбогон бир же бир нече юридикалык жактарга  ​​таандык болгон ЧОИнин уставдык капиталындагы үлүшү 50% ашпоого тийиш;

 

  •  Кредит бериле турган чакан жана орто ишканалар банктын же Фонддун өз адамдары, мүчөлөрү (инсайдери) же филиалы болбошу керек;

 

  • Чакан жана орто ишканалар өнөктөш банктын баалоосу боюнча туруктуу финансылык абалга ээ болуусу зарыл;

 

  •  Уставдык капиталдагы алардын үлүшү 51 пайыздан ашык болгон карыз алуучуга, ошондой эле анын катышуучуларына - юридикалык жактарга карата банкроттук жөнүндө иш козголбоого тийиш;

 

  •  Ар бир кредитти кайтарып берүүдө так жана экономикалык жактан негизделген баштапкы булактардын болушу (дефолт учурунда күрөөлүк камсыздоону жүзөгө ашыруу зарылчылыгына жол бербөө) (Банк тарабынан бааланууга тийиш);

 

  •  Экономиканын кредит бериле турган тармактары РКӨФ тарабынан бекитилген өзүнчө тизме менен аныкталат (РКФР тармактык классификациясы).

 

Максаттуу топ

Кыргыз Республикасынын аймагында катталган жана өз ишин жүзөгө ашырып жаткан (6 айдан кем эмес) чакан жана орто ишканалар.

 

Аквакультура өндүрүү (форель балыгын багып өстүрүү / кайра иштетүү / сатуу же  тоют өндүрүү) чөйрөсүндөгү ишканалар жана ишкердик субъекттер.

 

Балык багып өстүрүү жана/же көбөйтүү менен алектенген балык чарбалары).

  • Балык питомниктери;
  • Балык азыктарын кайрадан иштеп чыгуучулар.
    • Кластерге катышуучу  жем/тоют даярдоо ишканалары жана башка кайра иштетүү ишканалары.

 

Кредиттин багыты:

Каражаттар жумшала турган багыттар:

  • Инвестициялык максаттар:
    •  Жабдууларды жана техникаларды сатып алуу;
    • Курулуш-монтаждоо иштери, өнөр жай имараттарын реконструкциялоо жана сатып алуу.

 

  • Жүгүртүү капиталын толуктоо:
    •     Икраларды/чабактарды сатып алуу;
    •     Жем-тоюттарды сатып алуу;
    •     Аквакультура – балыктарды багуу үчүн дары-дармектерди, витаминдерди сатып алуу;

     Инвестициялык долбоордун алкагында башка материалдарды сатып алуу.

 

Каржылоо валютасы:

Кыргыз сому,

АКШ доллары.

Каржылоо суммасы:

1 млн. АКШ долларына чейин (кыргыз сомундагы эквивалент).

Мөөнөттөрү:

- 7 жылга чейинки инвестициялык максат;

-Жүгүртүү каражаттарын 3 жылга чейин толуктоо.

Пайыздык чени:

Кыргыз сому – жылдык 9% (НПЧ 9,3661%); 

АКШ доллары – жылдык 5% (НПЧ 5,1086%).

Нак алуу үчүн төлөм акы

- кредиттин суммасынан 0 %.

Төлөө графиги

-  Пайыздарды ай сайын төлөө;

 

- Жеңилдетилген мезгил көрсөтүлгөндөн кийин негизги сумманы төлөө жекече белгиленет, бирок чейректе бир жолудан кем эмес.

 

 

Жеңилдетилген мезгил

 

- Инвестициялык кредит:

  • балык питомниктери жана балык чарбасы үчүн 36 айга чейин;
  • кайрадан иштеп чыгуучу мшканалар үчүн 12 айга чейин.

- Жүгүртүү каражаттарын толуктоого кредит:

  • балык питомниктери жана балык чарбасы үчүн 18 айга чейин;
  • кайрадан иштеп чыгуучу мшканалар үчүн 12 айга чейин.

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>