Капчинин мааниси туура эмес ↓

Чакан жана орто ишканаларды бачым колдоо долбоору боюнча кайтарымдуу каржы жардамын төлөө продукту.

Кайтарымдуу каржы жардамын төлөө (ККЖ) продуктунун максаты

 COVID-19 пандемиясы менен шартталган кризистен зыян тартууга жол бербөө жана калыбына келтирүү мезгилинде чакан жана орто ишканаларды колдоо.

    Инвестициялык максатта, операциялык капитал, операциялык чыгымдар.

 

Айыл чарбасы каржыланбайт.

 

Критерийлер

1) Отчеттуулукка карата жөнөкөйлөштүрүлгөн талаптар боюнча иш жүргүзгөн чакан ишканаларды иштеткендер:

 

- Учурдагы, ошондой эле, 2018-жылдын 1-июлунан тартып Банкка өтүнмө менен кайрылгандан 8 айдан кем эмес мөөнөттөгү экономикалык иш-аракетин ырастоо.

 

2)    Бухгалтердик эсепти жүргүзгөн, ошондой эле кирешелерин жана пайдаларын декларациялоочу чакан жана орто ишканалар:

 

- Салык декларациясы (же маалымкат/башка документ) аркылуу ырасталышы менен, 2018-жылдын 1-июлунан тартып Банкка өтүнмө бергенден 8 айдан кем эмес мөөнөттөгү операциялык иш-аракетин жүргүзүүсү.

 

3)    Салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздан бошотулган жана карызы жок, ошондой эле Банкка өтүнмө берген дата боюнча Кредиттик бюро тарабынан берилген маалыматтарды эске алуу менен ЧОИ.

 

 

1-категориядагы карыз алуучу  

 

 

 

 

 

 

2-категория

 

1-категория: Чакан ишканалардын ишкерлери:

Жылдык жүгүртүүсү 8 миллион сомдон ашпаган, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иштеген жеке ишкерлер (учурда иштеп жаткан, ошондой эле Банкка арыз берген күндөн тартып 6 айдан кем эмес).

 

2-категория: Чакан жана орто бизнес:

- жеке ишкерлер (Банкка кайрылган күндөн тартып 6 айдан кем эмес иштеген) жана

- жылдык жүгүртүүсү 30 миллион сомдон ашпаган, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарына ылайык иш жүргүзгөн юридикалык жактар ​​(Банкка арыз берген датага карата 6 айдан кем эмес иштеген).

 

ККЖ максималдуу суммасы

1-категория үчүн – 1 000 000 сомго чейин

2-категория үчүн - 3 000 000 сомго чейин

ККЖ төлөө тартиби

1-категория үчүн - төлөө мезгилине бирдей үлүштөр менен

2-категория үчүн - төлөө мезгилине бирдей үлүштөр менен

ККЖ мөөнөтү (Карыз алуучу үчүн ККЖ пайдалануу мөөнөтү)

36 айга чейин

 

Карыз алуучу үчүн пайыздык чен

0%

Жеңилдетилген мөөнөт

3 айга чейин

Жарамдуу чыгымдар

1. Инвестицияларды каржылоо (жабдуулар, санариптик технологиялар, жашыл экономикада жумшартуу жана адаптациялоо жана башкалар);

2. Операциялык каражаттар (чийки зат, материалдар, запастар, товарлар жана ишкердик иштин иштеши/калыбына келтирүү үчүн башка ресурстар);

3. Операциялык чыгашалар (анын ичинде эмгек чыгымдары/аренда/коммуналдык төлөмдөр жана башкалар).

ККЖ камсыздоо

Кыймылсыз мүлк

 

Тейлөө
түйүндөрү

Сеть подразделений
РСК>БАНКа состоит из 51
филиала, 39 стационарных
сберкасс и 37 выездных касс.

*/?>